Menu

Административдик ресурс Акүйдүн башын жутабы?

Бөлүшүү:

Коомдук деп аталганы менен бир “короого” таандык КТРК деген телеканал бар. Мамлекеттин эсебинде, мамлекеттен толугу менен каржыланат. Бирок, кандай маселеде болбосун, айрыкча шайлоо учурларында бийликтин талапкерин мактап-жактап, анын атаандаштарына азуусун көрсөтүп калат.

Коомдук деген статусту алып жүргөндөн кийин тең салмакты сактап, так ортодо калыс пикирди карманган телеканал болуу керектигин капарына да албайт. Ошол телеканалдан жакында бир көрсөтүү кетти, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду алдары жеткиче “шыбашты”. КТРКнын бийликтин саясатына керектүү пикирлерди бере салганга даяр турган, запастагы саясий серепчилеринин пикирин чагылдырышып, “шыбак” калбай баратканда социалдык тармактардагы аты-жөнү белгисиз, сүрөтү да жок колдонуучулардын Бабанов тууралуу терс комментарийлерине да күндөрү түштү. КТРК эзелтен кайсы тараптын көзүн карап келгенин жана канча бийлик алмашса да коомдук аталышына ылайык келбей, бийликтин камчысын  чапканын эстесек, анда кайсы талапкердин пайдасына ушундай бир жактуу көрсөтүү жасаганы дайын. Талапкер Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик телеканалды менчигиндей пайдаланды, бул админресурс эмеспи?

Жакында Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жол угушуп келгени жарыяланган. Муну талапкердин тарапташтары коомчулуктан жашырууга аракет деле кылышпады, дароо эле видеосу да, сүрөтү да ачыкка чыгып, Назарбаевдин талапкерди жылуу тосуп алганы да айтылды. Бирок, көсөм казак президентинин Бабановго жогорку баа бергенине башкы атаандашынын ичи күйүп, бул  жолугушууну шайлоо мыйзамдарына ылайык келбейт деп чыгышты. Кыргызстанга тийиштүү анча-мынча маселелерге коомчулук дүрбөгөнгө чейин былкылдап койбогон КР ТИМ бул сапар активдүүлүгүн көрсөтүп, Казакстанга каршылык нотасын жиберди. Алар Назарбаевдин Бабановду баалоосун “Кыргызстандын шайлоо ишине кийлигишти” деп эсептеп алышыптыр. Назарбаев жалпы кыргызстандыктарды Бабановго добуш берүүгө чакырбаса, үгүт жүргүзбөсө, анан кайдагы кийлигишүү? Мыйзамдагы “өлкө президенти шайлоонун үгүт иштерине аралашпашы керек” деген талапты өзүбүз аткарып атабызбы? Анан өзүбүз баш болуп, тактыда отурган жерибизден “мураскер-талапкерибизге” жарнама жасап, мыктылыгын айтып, “добуш бер, добуш бер” деп үндөп турсак, коңшу мамлекеттин президенти” сен талапкер экенсиң” деп, Бабановго баасын бербей коюшу керек беле? ТИМдин нотасына Казакстандан ийин куушурган жооптун келгени бул нааразычылык аларды да эңги-деңги кылып, же күлөөрүн, же таң калаарын билбеген кызыктай акыбалда калышканын билдирип турат. Админресурсту ашыкча колдонобуз деп атып башка  өлкөлөргө да сабатсыздыгыбыз менен таанымал боло турган болдук.

Шайлоо мыйзамдарында дагы бир талап бар. Ага ылайык, мамлекеттин жооптуу кызматындагылар да үгүт иштерине катыша алышпайт. А бирок, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен жергесине барганда, Жээнбековду колдой турганын сөз арасында кыпчып кетти. Анан да, өзүнүн тандоосун айтуу менен тим болбостон жалаң мамлекеттик кызматкерлер отурган жыйында “Силер мамлекеттик кызматкерсиңер, ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө. Азыркы президенттин саясатын Сооронбай Жээнбеков улантат”, – деп Жээнбековго ачыктан ачык үгүт жасады. Вице-премьердин бул сөзү “мамлекет – бул президент, сен мамлекеттен айлык алып атасыңбы, демек, президенттин мураскерине добуш бер” дегендей эле чечмеленди. Баарынан да, “ичкен кудукка түкүрбөш” керек. Башка талапкерлердин эл менен жолугушуусунда отставкадагы полковник- генералдардын сүйлөп койгонун “эреже бузулду” деп айгай салып, көзүнүн төбөсү менен караган БШК бул саам былк эткен да жок.

Өзгөн шаарына Сооронбай Жээнбековдун шайлоочулары менен жолугушууга барышы баарынан мектеп окуучуларына майрам болду. Анткени, талапкердин жолугушуусун уюштуруп аткан жергиликтүү бийлик мектептеги отургучтардын баарын жүктөп кеткендиктен, окуучулардын партасы гана калыптыр. Анан туруп окушмак беле, анын үстүнө мугалимдердин бири калбай, жолугушууга милдеттүү түрдө барышты. Жээнбековдун келишинин урматына мектептерде сабак өтүлбөй калды. Жээнбековдун жолугушуусунда Өзгөн шаарынын мэри Рахман Атажанов да жүрдү. Мамлекеттик жооптуу кызматтын ээсине шайлоо мыйзамдарындагы эрежени бузуп, талапкердин жанында балээ барбы? Же, Жээнбековду дагы деле премьер- министр катары кабыл алып жаткандагысыбы? Өмүрбек Бабановдун Ош шаарынын жашоочулары менен  жолугушуусу шаардык драмтеатрында болгон. Бирок, жолугушуу учурунда жарык өчтү. Оңойчулук менен өчпөгөн жарык бийликтин мураскеринин башкы атаандашынын  жолугушуусунда өчүп калганы театрдын жетекчилиги да админресурстын кылтагына бекем  илингенин кабарлап турбайбы.

Ушул боюнча дагы бир нерсени кошумчалайлы, Жумгал районундагы Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабынын кеңсесинин алдындагы каралбай аткан жол так ушул шайлоо маалында, штабдын иши күнү-түнү кызуу жүрүп атканда оңдолмой болду. Жол оңдоочулар түнү менен смоланы ташып келип, кеңсе алдына төгүп кетишиптир. Смоланын кандай жабышкак экенин билесиңер да, анын айынан автоунаалар да, жөө адамдар да штабка каттай албай калышты. Бабановго тоскоолдук жараткысы келген админресурс эми анын өлкөдөгү бардык штабдарынын алдына смола төгүп, бүт бузулган жолдорду оңдоп жибербегей эле. Башка учурда “дүлөй менен сокурга” айланып калган БШК Бабановго келгенде астейдил мыйзам коргоочу болуп чыга келет. Бул сапар Бабановдун баннеринен айып тапты да эскертүү берди. Мурда чыккан баннерлерде Бабановдун сүрөтү менен кошо Жээнбековдун да сүрөтү бар экен. Башында бул болбойт деп тыюу салбаган БШК үгүт иштеринин кызуу жүрүшүн күтүп отуруп, сары майдай сактаган эскертүүсүн эми алып чыккандай. Көрсөтмө менен жан баккан БШКнын да бул аракеттери админресурс жыттанбайт деп ким танат?

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: