Menu

Замирбек Молдокулов, Алай районунун акими: Түндүктөн түшкөн жокмун. Алайдын көйгөйүн менчелик эч ким билбейт

Бөлүшүү:

Айтылуу өрөөндү кыш түшө элек жатып эле кар басты. Ошентсе дагы, Алай райондук каржы бөлүмүн он үч жыл бою жетектеген Замирбек М0лдокулов Алай районунун акимдигине капысынан дайындалды. Жаңы жетекчини жумушуна эми гана кирип бартканда кармап, капыл-тапыл кепке тарпык.

– Замирбек мырза, дээрлик он үч жыл бою бир гана кызматта эч жакка жылбастан туруктуу иштеп, Алай районунун каржы бөлүмүн – жалаң акчалуу мекемени үзгүлтүксүз башкарыптырсыз. Деги мунун сыры эмнеде?

– Биринчиден, Алай райондук каржы бөлүмүн жетектеп турганымда мыйзамсыз жоруктарга таптакыр жол бербедим. Экинчиден, эң башкысы – жемкорлук жумуштарга мурдумду тыгып, бир дагы жолу аралашпадым. Үчүнчүдөн, өзүм дайыма кол алдымда иштегендерге үлгү көрсөтүп, кызматкерлеримден дагы ошону гана талап эттим. Бирок, мындай аракетиме далайы дагыле эмдигиче ишенбейт! Атамдын эски үйүн заман талабына жараша гана оңдоп-түзөп, дагыле бала-чакам менен ошол жайда гана жашап келатам, эй!

– Анда аксакалдын – атаңыздын тарбиясы күч өңдөнөт?

– Ооба. Абдан туура баамдаптырсыз. Атам Сары Улуу Ата Мекендик согуштун башынан аягына дейре катышып, Чехословакияга дейре барган экен. Жеңиш менен Мекенибизге кайтып, тынч күндөрдө үч уул, беш кыз көрдү. Жигиттерден азыр мен гана жалгыз калдым. Кыздар бүт түгөл бойдон, дагыле арабызда. Ошондуктан, азыр жоопкерчилик менен мойнумда күч! Анткени, атам Улуу Ата Мекендик согушта алган жараатынын кесепетинен 1986-жылы 61 жашында каза тапты. Элге сиңирген эмгегин эске алышып, Гүлчө кыштагындагы мектептердин бирине Сары Молдокуловдун ысымын ыйгарышты. Мындан тышкары ал өзү өмүр бою жашаган көчө дагы атамдын атын эмдигиче алып жүрөт.

– Биз билгенден кыйла жылдан бери Алай районунун акимдигине көрсөтүлүп келаткан элеңиз?

– Абдан туура баамдапсыз. Алай районунун акимдигине 2005-2010-жылдарда дагы катарынан көрсөтүлдүм. Бирок, жүйөөлүү себептерден улам район жетекчилигине шайланбай калдым. Бирок, башкаларга окшоп элди көтөрүп, укугумду талашып, мыйзамсыз кадамдарга таптакыр барган жокмун. Болбосо, жашырып не, агездерде менде деле мындай мүмкүнчүлүктөр бар эле.

– Акыры чыдамкайлык менен моминтип баарын жеңдиңиз да?

– Ооба. Жогорку бийлик акыры менен талапкерлигимди Алай районунун акимдигине ылайык көрүптүр. Албетте, бул – абдан чоң ишеним жана оңбогойдой жогорку жоопкерчилик! Биринчиден, Алай районунун келерки жылга бюджетин кайрадан бир сыйра караштырып, кайра иштетүүчү ишканаларга инвесторлорду сөзсүз тартабыз. Экинчиден, элибиздин заманбап жашоосуна ар тараптуу ыңгайлуу шарттарды жаратканга такай кам көрмөкчүбүз. Үчүнчүдөн, Алайда картөшкө өндүрүүнүн эң кирешелүү тармакка баары бир айландырабыз!

– Мурдагыдай эл кыдырбай жатыпсыз го?

– Кантип? Күн кур эмес айыл өкмөттөрүн чекесинен кыдырып жатамын го. Айрым жеңил-желпи маселелерди жеринде эле чечип, а өтө оорураактарын тийешелүү жетекчилерге эл көзүнчө табыштап, анан алардын аткарылышын дагы өзүм жеке көзөмөлдөп жатам. Анткени, “Хоп!” деп коюшуп, көңүл жубатып, тилекке каршы, тапшырманы аткарбагандардан дагыле кур эмеспиз!

– Айтмакчы, кадр маселеси дагыле башыңызды куп оорутуп жаткандыр?

– Жашырып не. Бул жагынан дагыле аксап жатабыз. Өзүнүн кызматтык вазийпасын так аткарбаган, иштин көзүн таптакыр билбеген, күнүмдүк кызыкчылыкка гана багы байланган кызматкерлерден биз деле кур эмеспиз! Биринчиден, булардын арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын ыраса күчөттүк. Экинчиден, буга эч ынашпаса, айтылган сындан оң жыйынтык чыгарышпаса, акыры мындайлар менен сөзсүз коштошобуз! Үчүнчүдөн, мамлекеттик кызматта шалаакылык кылгандарды мындан ары эркелеткенге биздин убактыбыз жок! Ар бир мүнөт бизге каршы иштеп жатпайбы. Ошондуктан, кесипкөй жана иштерман гана кызматкерлерге муктажбыз!

– Замирбек мырза, Алай районунун тургундары ар уруулардан куралган. Демек, адаттагыдай кокту-колотко, уруу-урууга бөлүнүп-жарылуу дагыле күч. Муну токтотууга, же басаңдатууга кудуретиңиз жетчүдөйбү?

– Ооба. Районубузду бир катар уруулардын өкүлдөрү туруктуу байырлашат. Бирок, баары тең – кыргыздар! Андыктан, бөлүнүп-жарылууга эч кандай негиз жок! Кокус ошондой трайбалисттер жана уруучулдар байкалса, алар менен ар кандай деңгээлде сүйлөшүүгө даярбыз! Диалог – бул түрдүү маселелерди өз убагында жана ырбатпастан чечүүнүн эң эле заманбап аянтчасы!

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: