Бишкек шаардында коомдук транспортто жол кирени кымбаттатуу сунушталды. Бул сунушту шаардык кеңештин сессиясында “Мекеним-Кыргызстан” партиясынын депутаты Павел Десятников айтып чыкты.
“Учурдагы солярканын жана жол киренин баасы менен биз эртең аялдамаларда калып калабыз. Жеке айдоочулар жөн гана кетип калышы мүмкүн. Бул жөнүндө биз бүгүн ойлонушубуз керек. Негизи, логика боюнча жол кире үчүн тарифти жок дегенде 3 жылда бир жолу жогорулатып турушубуз керек. Бул маселеге көз жуумп коюуга болбойт”- деген депутат.
Буга чейин жол кире үчүн тарифти көтөрүү демилгесин жүргүнчүлөрдү ташыган жеке фирмалардын өкүлдөрү көтөрүп чыгышкан. Ал эми шаардык транспорт башкармалыгы болсо, маршруткаларды шаардык казынадан субсидиялоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылган.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ