Menu

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер: “Элитанын биригүүсү-өлкөнү туруктуулукка алып келет”

Бөлүшүү:

– Ишенбай агай, экс-төрагалар, экс-премьерлер болуп, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуштуңуздар. Мындай жолутушуулар буга чейин болгон эмес. Жолугушуунун максаты эмне экен, эмнелер тууралуу сөз болду?

– Жолугушууда мурда-кийин козголбогон маанилүү жаңылыктар, жаңы сунуштар айтылды. Кыргызстандагы саясый кырдаал, камалган саясатчылар, сот, конституциялык реформа, шайлоо системасын өзгөртүү, ири экономикалык долбоорлор тууралуу сөз болду. Формат ушундай экен, баарына сөз берилди. Сунуш-пикирлерибизди баарыбыз айттык. Президент жазып отурду. Аягында комментарий берген жок. Ойлонуп, анализдеп, кийинки жолугушууда аткарылгандарын ортого саларын билдирди. Анын айтканына караганда, бул жолугушуунун башталышы, мындай жолугушуу мындан ары системдүү болот сыягы.

– Саясый туткундардын маселесин кароо сунушталдыбы?

– Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Адахан Мадумаров азыркы саясый кырдаал жана саясый куугунтуктар жөнүндө өздөрүнүн жүйөөлүү ойлорун айтышты. Мыйзам чегинде алардын ишин кайра кароого президент катары көңүл буруп коюусу сунушталды. Дагы бир нечесинин бул темада сунуштары бар экен. Ал эми президент мунапыс мыйзамы каралып жатканын айтып, сөзсүз түрдө саясый туткундарга мунапыс боло турганын, мамлекеттин кызыкчылыгы, саясый чөйрөнүн ынтымагы үчүн маселе карала турганын убада кылды.

– Өлкөдөгү саясый кырдаал боюнча кандай сунуштар болду?

– Абдан көп кишилер конституциялык реформа туурасында айтышты. Президент конституциялык реформаны баштап алсак, ал саясатка айланып, узак болуп кетерин, анда көп маселе калып каларын айтып, азыр экономикалык өнүгүү, укук коргоо, сот реформасын, аймактарды өнүктүрүү маселелерин жандантуу аракеттери башталганын ортого салды. 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдык тууралуу да сөз болду. Катышкандардын баары тең «мамлекет үчүн кандай жардам бере алабыз, ошого көмөктөшөлү» деген ойдо болдук. Бул жакшы жышаан, ынтымак, өлкөнүн туруктуулугу, элитанын биригүүсүнө алып келет эмеспи. Экстердин, тажрыйбасы чоң саясатчылардын айткандары президентке да жаңылык болду. Эгер мындай жолугушууну системдүү киргизип койсо жакшы болмок.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: