Жеке ишкер Айэркен Саймаити Кыргызстанда жүргөндө ага коркутуу боюнча УКМК текшерип баштаганы бүгүн, 25-ноябрда маалым болду.
Маалыматка ылайык, буга чейин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү Башкы прокуратура алып, бул ишти иликтөө УКМКга жүктөлгөн. Анын негизинде УКМКнын, ИИМдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөөчүлөрүнөн турган тергөө тобу түзүлгөн. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ