Menu

КР УИАнын президенти, академик С.М.Джуматаев Кембридж университетинин пофессору Сидхарт Саксенаны кабыл алды

Бөлүшүү:

Кечээ,  13-августта КР УИАнын президенти, академик С.М.Джуматаев Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча форумдун башчысы, профессор Сидхарт Саксенаны кабыл алды. Бул тууралу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда профессор Сидхарт Саксена Кыргызстандын илимпоздору менен кызматташуу, Борбор Азиядагы илимий лабораториялардын картасын түзүү, жаш окумуштууларды биргелешип өстүрүү максатын сунуштоо менен келгендигин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда учурда дүйнө жүзүндө антропология илими чоң мааниге ээ боло баштаганына байланыштуу КР УИАда антропология бөлүмүн ачса болоорун, аны ачуу бүгүнкү күндүн талабы экендиги жөнүндө пикир бөлүшүп: “Көптөгөн мамлекеттерде илимий иш жүргүзүүгө шарт жок. Ал эми Советтер Союзунун тутумуна кирген мамлекеттердин, мисалга Кыргызстандын жакшы базасы бар. Бирок, бул потенциалды жоготуп албоо үчүн тез аранын ичинде дүйнө окумуштуулары менен биргелешип иш жүргүзүү керек. Биз чогуу долбоор баштасак көп ийгиликтерге жетишебиз. Дүйнөлүк илимий коомчулукка тыгыз аралашуу менен окумуштуулар өзүлөрүнүн илимий иштерин талкуулашат, эмгектерин башка ракурста дагы талдашат, текшеришет. Мындай мүмкүнчүлүккө биргелешип тез жетишмекпиз” – деген оюн айтты.

Ошондой эле профессор сейрек кездешүүчү металлдардан энергия бөлүп алуу маселеси менен алектенип жаткандыгын, жаңы технология боюнча чогуу иштешүүнү караштыруу керектигин кошумчалап кетти.

Академик М.С.Жуматаев профессор Сидхарт Саксенанын сунуштары илимдер академиясынын максаттарына дал келээрин, жакында Улуттук илимдер академиясынын 75 жылдык мааракеси белгиленээрин айтып, катышууга чакырды. “Бул жолугушуу көп жакшы эмгектердин башаты болот деп ишенем. Биз сиздер менен иштешүүгө кызыкдарбыз” – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: