Menu

Кыргызстанда 12 күндүн ичинде эки экс-премьер-министр камакка алынды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июнь күнү экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган. Аларга ар башка фактылар боюнча кине коюлганы менен, үчөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) менен айып тагылган.

Быйыл январдагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга кабылып, абоненттерге бир жума бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (“Коррупция”) менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты-жөнү жарыяланган. Анда Сапар Исаковдун, Осмонбек Артыкбаевдин, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин жана башкалардын аттары аталган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: