Menu

Кылмыш иши козголгон Албек Ибраимов “15-июнда Челябинск шаарына иш сапары менен баратам” деп айтканда “Кудай буйруса!” деп кошуп койсо болмок экен

Бөлүшүү:

Кыргыздын бир анекдоту бар: илгери 1937-жылдары бир кыргыз эт бышырып жаткан аялын шаштырып, “салып кел, бир жыргап чүйгүн эттен жейли” деп бакылдайт. Бир чара казы-картаны дасторконго коюп жатып аялы “Кудай кааласа!” деп айтсаң деп зекийт. Анда күйөөсү алдында бууланып турган этти карап туруп “эми кемпир, бул этти Кудай кааласа да, каалабаса да жейбиз” деп күлүп, эттин чүйгүн жеринен тандап, бычагы менен эми кесе баштаганда эшик “такылдап” калат. Аңгыча НКВДнын желдеттери кирип келип, үй ээсин бир жалган доомат менен кармап кетет. Аялы ыйлап-сыктап кала берет. Күйөөсү алыска сүргүнгө айдалып, дайынсыз жоголот. Анан 10 жылдан кийин бир күнү караңгы түндө аялы балдары менен жатса эшик “такылдап” калат. Чочулаган аялы “Бул ким?” деп үн катса эшиктин сыртындагы эркектин үнү акырын чыгып: “Кудай буйруса күйөөң болом” дейт имиш…

Анын сыңарындай өтүп бараткан жумада кыргыз гезиттеринин бирине интервью берген Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов журналисттин “Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдон кийин сизди кармашат деп жатышат го, сизге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган жокпу?” деген тариздеги суроосуна “жок, мына, 15-июнда мен Россиянын Челябинск шаарында өтө турган Жетинчи Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясына кетип жатам” деп ишенимдүү жооп берген.

Кечээ, кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы жарыялаган билдирүүлөрдө Челябинскидеги конференцияга баргандардын катарында Албек Ибраимов жок болуп чыкты. Алтургай Бишкек менен Челябинск шаарларынын ортосундагы келишимдерге да мэрдин ордуна өкмөттүн вице-премьери Жеңиш Разаков кол коюптур.

Ошондуктан туугандар, оомат артып турганда да Кудайды унутпай “Кудай кааласа” деп жүрөлү.

Кыязы бийлик кылмыш иши козголуп, сурак берип жаткан Албек Ибраимов Россиядан кайтып келбей койсо азыр “Шадиевди бийлик өзү эле качырды” деп айыптап жаткандай, коомчулуктун балээсине калабыз, андан көрө “ач кулактан тынч кулак” дегендей барбай эле койсун деп чечишип, тизмеден чийип салышкандай.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: