Menu

Фото – Анжелина Жоли Ирактагы сириялык качкындардын лагерине барды

Бөлүшүү:

Анжелина Жоли Мосул шаарында.

БУУнун качкындар иши боюнча агенттигинин атайын чабарманы Анжелина Жоли жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү сириялык качкындардын лагерине барды. Рейтер агенттиги Голливуд жылдызы жарандык согуштан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондорго жардам берүүгө аракет кылганын жазды.

Жоли 33 миң киши баш калкалаган Домини лагеринде качкындардын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, турмуш шарттары менен таанышты. Анын алдында актриса ирактык аскерлер экстремисттерден кайтарып алган Мосул шаарында болгон. Жихадчылар калааны үч жыл мурун басып алып, негизги таянычына айландырышкан. Ал жердеги кармаштарда 900 миңдей киши өлгөн.

Жоли Мосулдун түндүгүндө талкаланган көчөлөрдү кыдырып чыкты. Чабарман бул кызматты аркалап келаткандан бери мынчалык бүлүнгөн, талкаланган шаарды көрө электигин айтты.

Анжелина Жоли Мосул шаарындагы урандылар арасында.

Мосулдун көпчүлүк аймактарындагы тургундар үчүн кадыресе жашоо кайтып келди. Мосулдун түндүк бөлүгүндөгү Эски шаар АКШ башында турган эл аралык коалициянын авиациялык колдоосу менен Ирак аскерлеринин ислам экстремисттерине каршы күрөшү маалында кыйла чоң зыянга учураган.

Жоли Мосулдун түндүгүндө талкаланган көчөлөрдү кыдырып чыкты. Чабарман бул кызматты аркалап келаткандан бери мынчалык бүлүнгөн, талкаланган шаарды көрө электигин айтып, эл аралык коомчулукту Мосулдун унутуп калбоого чакырды.

БУУнун качкындар мекемесинде 2001-жылдан бери иштеп келаткан Жоли Иракка ушуну менен бешинчи жолу барды. Буга чейин ал Ирак, Камбоджа жана Кения өлкөлөрүндөгү согуштарда жабыркаган жарандык адамдарга жолугуп, алардын абалы менен таанышкан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: