Menu

Келдибек байкеден күлкү кеп

Бөлүшүү:

Ак үйдү карап маңкайып турган Келдибек байкеге журналист Мирлан Алымбаев жолугуп калды.

– Эмне жыт алгансып турасыз?-десе,

– Ээй, Мики, ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев парламенттин кадыр-баркын канализацияга теңеди эле. А Сапар Исаков кызматтан кеткенде, парламентте 120 өлүк отурат деген мааниде айткандарынан өзүм барып жыттап көрөйүн деп басып келдим.

– Сизге кандай жыттанып жатат?

– Бул жерде жакында тарап кетишчүдөй жыт келип жатат. Тез арада бул жерден кетели деп жөнөп кетишиптир.
Келдибек агай Кайрат кыргыз деген ырчыга жолугуп:

– Кайрат жанагы целлофан плащтын идеясын кайдан алдың эле? – дейт.

Кайрат иниси Бишкекти жаңыртып каткырып алып:

– Агай, аны бир жолу ооруканага барсам, эшик тоскон эже бутуңа «бахила» кий дейт. Бахила эмне десем, көк целлофан башмак экен. Сатып алып аны плащ тиктирдим. Анан эле элге дүңк дей түшпөдүмбү.

– Ал бахила плащың кайда?

– Өгүнү тойго барып чечип койсом, 4 кемпир плащты төрткө бөлүп устукандарын ороп кетишиптир – деп каткырса, Келдибек агайынын кулагы тунуп калыптыр. Келдибек байке «Кыргыз темир жол» ишканасынын директору Алмаз Ногойбаевге тойдо жолугуп калып:

– Алмаз гезиттерди ачсаң эле сен жөнүндө, Ногойбаевдин эч ким богуна куурай сая алышпайт деп эле жазып жатышат, аның чын эле ушунча катуубу десе:

– Эй, Келдибек байке, эми мен «Кыргыз темир жолду» башкарсам, жолубуз дагы темир, вагондорубуз дагы темир, паровозубуз дагы темир, иши кылып баары темир болсо, аным кандай болмок эле? – деп залга кирип кетсе, Келдибек байкеси ойлонгон боюнча калган экен. Келдибек байке ЖК депутаты Кожобек Рысбаевге кезигип калды.

– Кожобек иним, сени гезиттерге «куудул» деп жаза баштады го?

– Ээй, Келдибек байке, мени эмне деп гана жазышпады. Тойлордо көңүлүм ачылып ырдап койсом «төкмө» деп да жазышты, бийлеп койсом «танцор» дешти. Мен чычалабай чыдап жүрөм. Мен жарылсам пачактары чыгып, чимкириктери агып калат. Мен Куйручук, Кожомкулдун тукумдарынанмын. Афганчылыгым кармап бомба жарсам, таталары ташка жайылат – деп бапылдап кирсе, Келдибек байкеси араң токтотуптур.

Келдибек байке ЖК депутаты иниси Камчыбек Жолдошбаевге:

– Камчыке азаматсың, өкмөт мүчөлөрүнүн анттары дүжүрнүй ант болуп калды деп абдан туура айтыпсың. Өзгөчө төшү түктүү жер урсун, төбөсү бийик көк урсун дегениңди антка кошушса абдан туура. Анан дагы менде кошумча бар эле.

– Сиздики кандай?

– Элдин мүлкүн жесем атама тиейин дегенди.

– Ой байке, мунуңуз ото эле оор болуп калат го? Андан көрө «кулакка тарткыла» деген жакшы го.

– Ой Камчыбек, мейли сеники боюнча кулакка тарталы. Аларды каякка айдайбыз? Илгери кулакка тартылгандар Шиберге, Крымга, Каспий жээгине кетишчү. Азыр СССР жок, Чаткал, Каркыра, Чоң Алай, Арпага, Аксайга айдайбызбы?

– Келдибек байке аны ойлонбой айтыптырмын. Муну киши укпасын – деп кепкасын баса кийип Ак үйгө кирип кетиптир. Келдибек байке Жантөрө Сатыбалдиев менен  сүйлөшүп калат.

– Жантөрө, азыркы де-путаттардын көбү «базардан, бизнестен келген балдар» дегениңе кандай түшүнсө болот?

– Ээй, Келдике, ал опоңой. Согуш маалында немистер колго түшүп калган советтик жоокерлерди катарга тизип, коммунисттер 3 кадам алдыга чыккыла дегенде 1000 солдаттан 20-30 алдыга чыгышкан. 120 депутатты катарга тизип бизнестен, базар-дан келгендер эки кадам алдыга десе 80 депутат алдыга чыгып, 35-40 депутат катарда калмак дептир.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: