Menu

“Республика-Ата Журтта” бунт чыкты

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабанов өлкөдөн алыс кетип, ошол жактан саясаттан биротоло кетерин, депутаттык мандатын тапшырып, партиясы менен иши болбой турганын билдиргенден бери, парламенттеги фракциясы жетим козудай кайсыл лидерди ээрчий турганын билбей калды. Бабановдун ордун ээлеген Руслан Казакбаевди 22 депутаты бунт чыгарып, аны чакырбай өздөрүнчө жыйын куруп, лидерликтен алып түшүп, ордуна саясаттын казанында кайнабаган, саясий салмактан ноль, айдап кел менен байлап келге сонун жараган Жыргалбек Турускуловду лидер кылып шайлап алышты. Бул эми саясий кырдаалга жараша жасалган кадам болгону мектеп окуучусуна деле маалым да. Ошон үчүн Бабановдун “короосундагы” депутаттар мындай чечимди кабыл албай, нааразы болуп жатышпайбы. “Качкын” атка конгон Бабанов өлкөгө жакынкы убакта кайтып келет экен, бул тууралуу Атамбаев менен сүйлөшүү жүрүп, бышып жетилиптир. Бабанов кайра келсе, аны Жээнбековго каршы колдонот экен” деген маалыматты РАЖдын депутаттары өздөрү ишенимдүү адамдардан укканын айтып жүрүшөт. Бабанов мурунку ажо менен макулдашып, өлкөгө келген күндө деле бийликке каршы дүрмөт болуп бериши арсар. Келери менен колуна кишен салынып калышын өзү деле жакшы билсе керек. Аябай эле акылдуу жан эмеспи.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: