Menu

КСДП элди бир алдаса, эки алдаса болот, а үчүнчүсүндө мүдүрүлөт…

Бөлүшүү:

Кыргызда жакшы сөз бар «айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» деген. КСДПнын өткөн жумада тар чөйрөдө өткөн чогулушу (съезд дегенге ооз барбайт), экс-президенттин -ич күптүсү, анысын КТРК кайра-кайра толук бериши «азаптуу» (многострадальный) Кыргызстандын үстүнөн дагы да кара булут айлана баштаганынан кабар берет. Деги биз кыргыздар иттей ыркырашкан, ит тартыш абалдан чыгып, чеги жок интригалардан кутулуп, бир түндүктүн астына биригип, экономиканы оңдогонго качан билек түрө киришебиз?

Кыргызстандын саясый аренасында Крыловдун «Лебедь, щука и рак» тамсилиндегидей үч саясый борбор түзүлгөнү аз келгенсип, бута чейин «стихиялуу болуп баштады» деген түкшүмөлдөр ачыкка чыгып, экс президент менен аракеттеги ажонун тиреши ачыкка чыгып, ал айыгышкан стадияга өтөрүнө аз калганы далилденди. Эң кооптуу жагы – бул процесс барып-барып өлкөнү чоң саясый кризиске такай тургандыгында… Дагы бир өкүнүчтүү жагы, эзелки достордун достугу жарым жыл өтпөй бузула баштаганы.

Саясый илимде «конфликтология» деген багыт бар. Ага ылайык: саясый конфликт бийликке жетүү же аны кайра бөлүштүрүү менен өздөрүнүн коомдогу абалын өзгөртүү же мурдагы таасирин кайтаруу, өз кызыкчылыктарын жана максаттарын ишке ашырууну көздөп, каршылашууга барган саясат субъектилеринин кагылышуусу. Конфликт жаралганга чейин бир катар стадияларды басып өтөт. Биздеги бийлик кумары, нысапсыздык ал стадияларды өтө тездеткенин байкоого болот.

Атаганат, экс-ажо президенттикке чейинки өзү басып өткөн таш жол, тайгак кечүүлөрүн, канчалаган азуулуулар «ажо болом» деп боло албай, ал тарыхый миссия ага буюрганын, башкысы: революциянын аркасы менен бийликке келип, чоң саясатта татыктуу оюнчу катары ар кандай ыкмалар менен өлкөдө саясый стабилдүүлүктү камсыздап, тактыны ишенимдүү колго өткөрүп бергенин (чынында бул жагынан эки качкын президенттер А.Атамбаевге суктанарын), эми өлкө жаңы бийликтин жетекчилигинде токтолбой, буйдалбай алга жылуусу керектигин жана башка факторлорду эске алып, калган өмүрүн Дэн Сяопиндей даанышмандык менен четте туруп, кеп-кеңешин берип, досунун колу-жолун бош коюп, жаңы хансарайында өткөрсө кана?!

Тилекке каршы, анткендин ордуна А. Атамбаев өзү үчүн да, өлкө үчүн да кооптуу жолго түшүп алды. Бул жерден анчалык чукул чыгып, жандай чаап тизгин талашып, президентке айбат көрсөткөндөй эмне болуп кетти? Анткидей азырынча Сооронбай Жээнбеков одоно ката кетире элек болчу. Деги эле Жээнбековдор династиясы жакшылыкты унутуп, «Шералы хандын» жолун жолдоп, бетбактыкка барчулардан эмес эле да. Ошол эле Асылбек Жээнбеков агасы премьер-министр болгондо спикерликтен кеткен. Агасы президент болгондо алгач «саясый партия түзөт экен» деген айың тараса да, дал ошол экс-ажону, анан КСДПны сыйлаганынан ал оюнан кайткандай болду.

Жок эле дегенде А.Атамбаев: «Мен саясый стабилдүүлүктү камсыз кылып туруп бийликти өткөрүп бердим, андай шартта экономиканы көтөрсө болот эле. Андай болбой калды» деп эки же үч жылдан кийин чыкса, албетте, жарашмак. Тышкы карыз кызыл чектен ашып, аны төлөө боюнча эң татаал жылдар келип калган, дүйнөдө ири державалардын тиреши, таасир талашы күчөп, экономикабыз мажирөө болуп, коррупция коркунучтуу чекке жетип, калктын жумушка жарамдуу бөлүгүнүн басымдуусу четке агылуусу токтомок тургай күчөп, демографиялык жактан дүйнөнү сестентип турган коңшу өлкөнүн тынч экспансиясы туш тарабынан кысып келаткан азыркыдай шартта үлкөндөрдүн ыркырашуусу, таасир талашы мамлекет кызыкчылыгына каршы келет жана бул нукта кете берсе өлкө коопсуздугун жарга такайт. Анын 31-марттагы съездден кийинки журналистерге билдирүүсүнөн мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн ошондой кадамга барганынан күмөнүм бар. Тескерисинче, бул жолу жарма таарынычтын деңгээлинде чыгып алып, беделин түшүрүп алды окшойт. Улан Исраилов жакшы иштеп жатыптыр, көрсөткүчтөрү жакшы экен, кыскасы, күч түзүмдөрү идиректүү жигиттердин колунда экен. Сапар Исаков жаш, ага убакыт бериш керек экен (ТВЕА, «Лигласс» фирмаларынан кулагы чыгып жатса, «Таза коом», «Акылдуу шаар» долбоорлору Акүйдөн ылдый жерге түшпөй жатса да).

А ушундай эле шартта Сооронбай Жээнбековго убакыт берсе болбойбу? Атамбаевдин бул кадамы «күч түзүмдөрүн мыкчып турган менин балдарыма тийишпе, премьерге тиш салба, өз ордунду биле жүр» деген эле ишарат болду. Эчтеке боло электе «президенттин инисинин таасири артып баратат» деп коңгуроо кагып, «анын арты коомдо түшүнбөстүктү жаратат» деп айгай салуу менен экс-ажо Жээнбековдордун кенжеси тизгинин тартпаса, жаңы гана бүтөлүп бараткан түндүк-түштүк жаракасына шынаа кагып ийерин кыйытты. Билгенге бул өтө опурталдуу кадам. КСДП сүрөп, жеңишке жеткен жаңы шайланган президентти бир жыл иштей электе бийлик партиясынын атынан, а түпкүлүгүндө тар кландык кызыкчылыкты көздөп, жолун тороп чыгуу коомдо көп суроолорго жем таштап койду. 2010-жылы парламенттик шайлоодо Роза Отунбаева менен Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн «түштүктөн кантип өтөбүз» деп көздөрү жалдырап турганда дал ушул Жзэнбековдор бел болуп бергенин эстегилери келишпейби?

Ошентип, КСДПнын масштабдуу программасы бар чоң саясый күч экенине күмөн жаралды. Эми жакында далай үзөңгүлөш, партиялаштар (КСДП бийлик партиясы болуудан калганына көздөрү жетери менен) адатынча бийлик кимде болсо ошол тарапка өтө качып «саясый төркүнү» болгон партияга сокку уруудан кайра тартышпайт. Эгер Сооронбай Жээнбеков эски досуна өзүнө жараша жооп кылса (эгер кыла алса) кыл чайнашкан кырдаал жаралып, өлкө бир заматта саясый кризиске кептелүү тобокелдиги бар.

Эми эки ажонун башын жуткан, эки ажону акырын узаткан «тажрыйбалуу сүмбүлдөр» Сооронбай Жээнбековдун этегин баса отурушуп, былгытмай оюндарын баштап, Атамбаев менен кайраштырып, бир шойкомду баштап, аны интригалардан башын чыгарбай салышы да мүмкүн. Анда эле Атамбаев «мен айтпадым беле» деп саясый аренадагы эң легитимдүү оппозиционерге айланып чыга келиши мүмкүн.

«Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма» дегендей, эми кыргыз коому, анын прогрессивдүү бөлүгү горизонттон таза, ары элге үмүт бере ала турган оппозициялык саясый күчтү издөөгө аргасыз. Стабилдүүлүк орногон акыркы алты жылда бийликтин баардык бутактарын мыкчып туруп, экономиканы эптей албаган, «Лигласс», ТВЕА сыяктуу кытай компанияларынын мандемдүү иштеринде, Бишкек ТЭЦинин тегерегинде коррупциялык иштерде мүчөлөрүнүн «кулактары» чыгып жаткан КСДП оппозициянын туусун көтөрүп чыгууга моралдык жактан укугу барбы?

Элди бир алдаса, эки алдаса болот, үчүнчүсүндө мүдүрүлөт, эл өз жообун айтат. Ал жооп көп маселеге чекит коюшу мүмкүн.

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясый илимдердин кандидаты, доцент, докторант

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: