Menu

Казакстанда облустук кеңештин мурдагы депутаты беш жылга шарттуу кесилди

Бөлүшүү:

1-августта Орол шаардык соту Батыш Казакстан облустук кеңешинин мурдагы депутаты Кайдар Кошановду беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Облустук ички иштер департаменти кабарлагандай, быйыл 29-мартта Оролдо жол кырсыгы болуп, Тoyota Land Cruiser 200 унаасы Самара-Шымкент жолунда “Лада Приора” жана “Ауди” унааларын сүзгөн.

Тoyota Land Cruiser 200 унаасынын рулунда Кайдар Кошанов отурган. Жол кырсыгынан “Лада” унаасынын 22 жаштагы айдоочусу Вячеслав Лопухин менен 63 жаштагы апасы Надежда Кондрашкина каза тапкан. “Ауди” унаасынын айдоочусу жаракат алган.

Сотто каза тапкандардын туугандары Кошановду түрмөгө кеспөөнү сурашты. Маслихаттын мурунку депутаты жабыр тарткандарга кун төлөп берүүгө тийиш. Анын суммасы сот өкүмү күчүнө кирген соң аныкталат.

Кошанов “Болашак-Т” курулуш компаниясынын башкы директору катары мурунку улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин ишинде да фигурант болгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: