2018-жылдын 2-август күнү саат 15:14тө Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган, – КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ