Menu

Бакыт Жусубалиевге оомат оосо, Мурадил Буланов оңбой калбайбы?

Бөлүшүү:

Соңку убакта көлөкөдөгү генерал Бакыт Жусубалиевге оомат оой турганы ММКда сөз болуп, анын кайсы кызматка бара турганы да булуң-бурчка желдей тароодо. Албетте, ооматы оосо көрөлү. Кокус эртең генерал Жусубалиев бийликке келсе, аны бир кездери гезит беттерине шыбатып, ыгы келсе-келбесе да жамандатып жүргөн Чүй облустук МАИ башчысынын мурдагы орун басары Мурадил Буланов азыркы Бишкек ШИИББиндеги кызматынан ыргып кетпейби? Баса, дал ушул МЕНТтин бир кездери Чүй МАИсиндеги кол алдындагы ала таякчандардан өйдө жакты шылтап алган «отметкалары» ачыкка чыгап, коррупциялык кадамдары күч органдары тарабынан катуу иликтенеби? Аман калса отставкадагы Чүй МАИсинин мурдагы бир катар кызматкерлери жакынкы күндөрү Булановдун азыркы кызматына татыксыз экенин, МАИде жүргөндөгү кылтың-мылтың шектүү иштерин жипке тизгендей тизмектешип, коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге кайрылуу катары жолдошоору каңкууланууда. Кыргызда «эки доочу бир келсе ажалыңдын жеткени» дечү беле? Бакыт Жусубалиев го кекчилдиктен бийик турар, а береги отставкадагы МЕНТтердин кайрылуусу жарыяланып кетсе бу кургурдун абалы кантет? Бир кездери Чүй МАИсинде жетекчиликте турганда Бишкектен алган кабат-кабат квартираларын четинен сатып абалды жайгарбаса, иши чатагына айланып кетпейби? Эмесе, бул жагынан шектүү МЕНТтин баскан изине кесиптештери менен биргеликте биз да жооп издебесек болбой калды.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: