Тажикстан байланыш кызматы үч күндөн бери Интернетке туташуудагы маселелер тууралуу түшүндүрмө берди.
Бул орган өкүлдөрүнүн айтымында, профилактикалык иштерден улам дүйнөлүк желеге кошулуу кыйынга турууда. Тажикстанда Интернет колдонуучулары үч күндөн бери ылдамдык төмөн болуп жатканын жана айрым сайттарга, анын ичинде “Азаттыктын” тажик кызматына кирүү чектелгенин билдиришүүдө.
Мамлекеттик «Точиктелеком» операторунун өкүлү Тохир Ёкубов учурда байланыш линияларын адаптациялоо иштери жүрүп жатканын жана бул дагы бир нече күн уланарын белгиледи. Ёкубов Интернет провайдерлерге убактылуу көйгөйлөр тууралуу эскертилгенин кошумчалады.
Дүйшөмбү, 6-августта Интернет-провайдерлер бул маселеден улам алардын бюджети ири чыгашага учураганын маалымдашкан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ