Menu

Раиса Атамбаевага козголгон кылмыш иши негиздүүбү же жөн гана куугунтукпу?

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин көрсөтмөсүнүн жана башка далилдердин негизинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду. Раиса Атамбаева мурдагы президенттин бөгөт чарасын кароо учурунда ага кылмыш иши козголгонун, анын үй-бүлөсүнө саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирди. Башкы прокуратура Атамбаевдин жубайына каршы иш сотко чейинки өндүрүшкө катталганын ырастады.

Алмазбек Баатырбеков, ЖКнын депутаты: – Куугунтуктоо деп айтыш үчүн далилдер керек го деп ойлойм. Ал эми негизинен Раиса Атамбаевага козголгон кылмыш иши жөн жерден чыккан жокко деп ойлоп турам. Анткени, Манас Арабаевдин көрсөтмөлөрү буга далил болуп тургандай. Бул боюнча алып карасак түз козголгон иштер бар деп ойлойм, Анткени, сүрөттөрүнөн бери чыгып жатат.

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу: – Менин оюмча үй-бүлөөгө болгон кысым деле эмес, сөз Кылмыш кодексинде камтылган терс иш-аракеттер жөнүндө болуп жатат. Эми канчалык деңгээлде Раиса айым күнөөлүү, аны тергөө аныктайт. Бирок, Манас Арабаев деген жигит өтө жүйөлүү далилдерди айтып жатат, анын ичинде телефон аркылуу жазган СМСтери бар деп айтты. Эгер ошондой далилдер чын эле болсо, коюлган айыптар далилденсе анда бул жерде таптаза эле кылмыш иши деп эсептесек болот. Бүгүнкү күндө Раиса Атамбаева күнөөлүбү же жокпу, муну эч ким айта албайт жана айтууга да укугу жок! Себеби аны тек гана сот чечет.

Дастан Бекешов, ЖКнын депутаты: – Мурда Икрамжан Илмиянов, башкалар тууралуу укчубуз. Ошол эле Манас Арабаевдин кыңыр иштери тууралуу ошол кезде көп сөз жүрчү. Бирок мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева кандайдыр бир иштерге кийлигишкени тууралуу укпаптырбыз. Ал өзү орус мүнөз адам. «Мына ушундай иштерди бүтүргүлө» деп көрсөтмө бергенин мен эч эле элестете албайм. Бул жерде башка далилдер жок болуп, Манас Арабаевдин гана көрсөтмөсүнө таянган иш болсо, анда бул кылмыш ишин саясий куугунтук десек болот. Бирок, иш боюнча толук маалымат чыкмайынча, бир нерсе деп айтууга эрте.

Клара Сооронкулова, юрист: – “Раиса Атамбаева ошол иштерге кийлигишкен, рейдерлик кылгандарды калкалаган» деген көрсөтмө болуп жатпайбы. Ошондуктан, укук коргоо органдары бул ишти иликтеп чыкканга милдеттүү. Бул ишти саясий куугунтук деп айтпайт элем. Анткени, Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөнү алардын кол астында иштеген адам берип жатпайбы. Ошондой эле тергөө органдары башка далилдер да бар экенин айтып жатышат. Раиса Атамбаева ошол кезде биринчи айым болгондуктан өтө таасирдүү адам болуп, анын айтканын эки кылышкан эмес. Кайсы бир уюшкан топ аны бул ишке аралаштырып, анын таасирин пайдаланышы да мүмкүн. Мындай нерселер мурдагы президенттердин тушунда деле болбоду беле. Ошондуктан, Акаевдин, Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө байланыштуу кылмыш иштери чыккан да.

Мавлян Аскарбеков, мамлекеттик кызматкер: – Тилекке каршы, кечээги коррупционерлердин баары бүгүн камалса эле куугунтук деп жатат. Камалган, иш козголгон ар бири жогорку кызматта, же түздөн-түз байланышы болгон адамдар. Булар миң актанбасын эл көрүп турат. Жоопкерчиликке тартылмайын бизде коррупция да, уурулук да улана берет. Олтургандардын, иш козголгондордун ар бирин сураса аппак экенин айта берет, ошол үчүн баардыгы ачык болсо эл тараза болот. Жалпысынан болуп жаткан процесстер кыргыз эли үчүн абдан жакшы. Ууру, коррупциянерлер чекесинен камалып, мурдагы президенттин камалганы да Борбор Азияда чоң жаңылык жана саясий жылыш.

Уран Байматов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: