Индонезияда кулаган учактын “кара кутусу” табылды. Мындай маалыматты Индонезиянын Издөө, куткаруу агенттигинин башчысы Мухаммад Сяуги таратты.
Маалыматка караганда, суучулдар аба каттам тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз жаздырууга ыңгайлашкан бул жабдыкты кырсык болгон аймакка жакын, 30 метр тереңдиктен табышкан. “Кара кутудагы” маалыматты изилдеп чыгууга үч жумадай убакыт кетери айтылган.
Азыркы тапта суучулдар учактын кабинасындагы үн жаздыруучу аппаратты издеп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ