Menu

«Америка үнүнүн» Стамбулда кармалган журналисти бошотулду

Бөлүшүү:

29-октябрда Стамбулда «Америка үнү» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Малик Мансур (Абдумалик Бабаев) өлкөдөн чыкпоо шарты менен камактан чыгарылды. Бул тууралуу 30-октябрда журналист өзү билдирди.

“Кечээ мени «Леванд» абагынан бошотуп, Стамбул полициясынын терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгына жеткиришти. Мен Түркиядан чыкпоо жана полициянын көзөмөлүндө болуу шарты менен бошотулдум”, – деди журналист.

Ал ошондой эле сот чечим чыгарганга чейин журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүгө убактылуу тыюу салынганын кошумчалады.

Малик Мансур түрк полициясы тарабынан 28-октябрда, Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун алдында өтүп жаткан митингди сүрөткө тартып жатканда кармалган. Мансур анда ондогон журналист жүргөнүнө карабастан, ал жалгыз кармалганын айтууда.

«Америка үнү» радиосунун өзбек кызматынын башчысы Жавдат Сайхан журналисттин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. “Ал Түркиядагы өзбекстандыктардын жашоосу тууралуу репортаждарды даярдап жүргөн. Мени Малик Мансурдун «Түркиядагы өзбектер» уюмунун башчысы Адем Чевик «Вашингтон посттун» журналисти Жамаль Хашоггинин өлүмүн айыптап сүйлөп жатканда кармалганы тынчсыздандырууда. Журналисттин бир суткага дагы кармалышы олуттуу окуя болуп эсептелет», — деди Жавдат Сайхан.

«Америка үнүнүн» өзбек редакциясында коомдук кабарчы катары 2002-жылдан бери иштеп келаткан Малик Мансур 2011-жылы Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Мекенинде ага каршы «ушакчылык жана өзбек элин кемсинтүү» айыптары менен кылмыш иши козголгон. Андан соң ал Германияда саясий башпаанек алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: