Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2017-жылдын 19-июнь күнү саат 01:30 чамасында “Ауди 100” үлгүсүндөгү унаа Терс дарыясына түшүп кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
Унаанын ичинде 4 адам болгон. Айдоочу менен бир жүргүнчү суудан чыгып кетишкен, автоунаанын артында отурган эки аял унаа менен агып кетишкен.
Аксы районунун тургуну 1976-жылы туулган М. А. жана 1980-жылы туулган М.Э. бир туугандар.
Издөө иштерине КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы жетекчилигинде, райондук ИИМ кызматкерлеринен 3 кызматкер, туугандарынан 7 адам тартылган. Чаткал дарыясынын Кара-Булак участкасында бир 1976-жылы туулган аялдын сөөгү жээкке чыгып калган.
Издөө иштери 2017-жылдын 20-июнь күнү КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ