Menu

Садыр Жапаров жөнөкөй саясий туткун эмес

Бөлүшүү:

Садыр адилеттүүлүк үчүн, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн, ошонусу үчүн түрмөгө камалып, кыйноого алынган, азапка салынган инсан. Орустарда мындай акыйкат үчүн күрөшүп, кыйноого алынгандарды “мученик” деп коет. Садыр Жапаров “мученик”.

Садыр Кумтөрдүн алтыны Кыргызстан үчүн, кыргыз калкы үчүн иштесин деп күрөшкөн. Ошонусу үчүн аёосуз куугунтукталып, соңунда Атамбаев кара мүртөздүк менен көп жылга абакка салган. Балдарын, жакындарын кармап, аёосуз сабаткан, түрмөгө тыккан…

Мындай зомбулуктан Садырдын атасы Нуркожо ата 2017-жылы көз жумуп кете берди. Андан кийин апасынын да жүрөгү чыдабады…

Жакында уулу Дастан жол кырсыгында жаш өмүрүнөн айрылды…

Бул – күнөөсүз адамды бийликтин кыйноосу, азапка салуусу.

Бул жерде эң акүнүчтүүсү, Атамбаев бийликтен кетсе да Садыр Жапаровдун азапка чөмүлүп, абакта жатканы, коррупциалык Кумтөр аферасынын уланып жатканы, жүз миллиондогон доллар каражаттар Кыргызстан казынасынан кыйгап кетип жатканы…

Бул токтотулууга тийиш. Садыр Жапаров тезинен абактан бошотулууга тийиш. Кыргыз коомунун бетиндеги кара көө жуулууга тийиш…

(Садыр Жапаровду 2013-жылы Кумтөргө каршы митинг уюштурганы Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп, Атамбаев соту 2017-жылы 11 жыл,6 айга кескен. Сотто Каптагаев эч кандай барымтага алынбаганын айтып турса да, сот ага көңүл бурган эмес).

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: