Menu

Жарым жылга жетпей бузулган Кыргызстандагы жаңы жолдор

Бөлүшүү:

Адатта акчалуу айыл өкмөттөр жана шаарлар жыл сайын жол курууга жана оңдоого жергиликтүү казынанын 30% коротушат. Учурда мамлекеттик курулуштарды прокуратура баш болгон бир нече көзөмөл органдар текшерет. Ага карабай миллиондогон каражаттар сарпталып курулган жолдор бир жылга жетпей талкаланып калышы кадимки көрүнүшкө айланды. Адистер болсо жол курган компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүп, жолдун сапатына жети-сегиз жылдык кепилдикти куруучулардын моюнуна илүү керек дешет.

Жарандык активисттер Бишкектеги жыл айланбай бузула баштаган көчөлөрдү видеого тартып, интернеттеги социалдык түйүндөргө жайылтышты, бирок ага деле көңүл бурган адам жок.

Бир катар өнүккөн өлкөлөрдө курулган жолдор 10-20 жылга чейин кызмат кылып берсе, биздин жолдор жарым жылга жетпей жарактан чыгып жатат. Бул ири коррупциялык көрүнүштөрдүн жыйынтыгы деп билсек болчудай. Анда жогорку кызмат адамдарынын кызыкчылыгы жатат. Ошондуктан жоопкерчилик жок. Мыйзам бузууну көзөмөлдөй тургандар өздөрү да буга аралашып алышса кантип көзөмөл жүргүзөт? Эгер эл аралык тажрыйбадагыдай болуп, көзөмөл болсо анда жол куруу учурунда көзөмөл болуп, жоопкерчилик жагы да жөнгө салынмак.

Көчөлөр пайдаланууга берилген күндө да толугу менен кабыл алына элек болсо, анда ал жол куруу компаниясынын эсебинен кайра оңдолот. Кабыл алынгандан кийин да жолдун сапатынын кепилдик мөөнөтү боюнча ченемге ылайык жолдун кайсы бир тилкелеринин сапаты начар болгону үчүн бузулган болсо, аны да компания оңдосун деген мыйзам иштебей жаткандай.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: