Кечээ, 29-январь күнү саат 19:20да “Honda” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 29 жаштагы А.Ж. аттуу айдоочу Жибек Жолу проеспектисинде жүрүп бара жатып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Жабыркаган 25 жаштагы Ш.К. жана 85 жаштагы Д.Д. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткырылган.
Маалыматтар боюнча 85 жаштагы абышка көкүрөгүнөн, ал эми жигит башынан жаракат алган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Материалдар Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ