Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат жана Жака-Өрүк конуштарындагы абал боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 14-сентябрда Лейлек районунун Максат айылына жана Баткен районундагы Жака-Өрүккө жакын жердеги тактала элек тилкеге тажик тарап курулуш баштоого аракет кылган. Алар Жака-Өрүк жергесине жакын аймакка 10 машинеге жакын шагыл төгүшүп, чек ара бекетин курууну башташкан. Мындан улам чек арага жакын кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары чогулушкан. Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрдү. Аталган сүйлөшүү бүгүн да уланат деп билдирди.

Чек арадагы жарандардын ортосундагы  чыр-чатактын алдын алуу максатында кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жергиликтүү тургундардын ортосунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев Баткенге учуп кетти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү ушул аймакка жакын Арка айылында Кыргызстандын жараны өз үйүнө коргон куруп жатканда, тажикстандыктар каршылык көрсөткөн. Мындан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугуп, такталбаган аймакта курулуш ишин токтото турууну макулдашкан.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: