Menu

Тагдыр: Жалгыз уулум кайтыш болуп калды. Неберемди келиним бергиси жок…

Бөлүшүү:

“Кайын журтум улуу аял аласың дей берип жолдошумду иренжитип салышкан”

Турмушка кеч чыктым. Атам дайыма карьераны биринчи орунга кой дей берчү. Жогорку окууну аяктап ишке кирдим. Ишимди биринчи орунга коюп жүрүп, майда кызматтан жогоруладым. Бишкектен үй алам деп бир топ жылымды короттум. Шаардын чет жагынан жер тилкесин алып, ага үй салгыча 35 жашка чыктым. Качан кеч боло баштаганда турмушка чык деп башташты. Бул куракта аябай киши тандап, эч кимди жактырбай калат деген чын экен. Турмушка чыккым келбей жүрүп, акыры өзүмдөн кичүү жигитке турмушка чыктым. Жашым өтүп калганга боюма болбой жүрүп, 5 жылдан кийин уулдуу болдук. Бул аралыкта кайын журттун ачуу да, таттуу да сөзүнө чыдадым. Улуу аял алып алдың деп жолдошумду ата-энеси жемелей берип, ал дагы менден алыстай баштады.

“Жалгыз уулумду өзүм асырап чоңойттум”

Мен үчүн баарынан балалуу болуу биринчи орунда болчу. Уулумду боорума алгандан кийин жолдошумду да кыйнай бербейин деп өз үйүмө кетүүнү туура көрдүм. Менин бул сунушумду жолдошум четке какканы менен ата-энеси жакшы кабыл алышты. Өзүңдөн жаш кыз ал деп небересине деле көңүл бурушкан жок. Ошентип уулумду өзүм жалгыз асырап өстүрдүм. Кудайга шүгүр, турмуш-шартыбыз абдан жакшы, эч нерседен кыйналган деле жокпуз. Жолдошум алгачкы жылдары келип турчу. Бара-бара таптакыр келбей калды. Уулумду өзүмө жаздырып, толугу менен атасын бошоттук. Ал кийин турмуш куруптур. Балам чоңойгуча ата-энем жардам берип турушту. Баламды тарбиялап, окутуп, билим берип айтор бактылуу күндөрүм өтүп жатты. Баягы кичинекейим чоңоюп, жогорку окуу жайга тапшырды. Эмнегедир эрте эле турмуш курам дей берчү. Экинчи курсунда эле курсташына үйлөндү.

“Жалгыз уулумдан күтүүсүз жерден айрылып калдым”

Уулум үйлөнгөнүнө 3 ай болгондо уктап жатып эле ойгонбой калды. Дарыгерлердин айтымында кан басымы түшүп кеткен дешет. Ага чейин жубайына башым ооруп жатат деп айтып жүрүптүр. Ошол күнү балам менен кошо менин тирүүлүгүмдүн да күнү бүттү. Жашоого бир жаралып, мындай азапка батам деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Уулумду коюп, кудай мени алса эмне? Эне үчүн баласын жоготуудан өткөн азап жок экен. Уулумдун ашы өткөндөн кийин келинимди төркүндөрү алып кетебиз дешти. Бирок кудайдын көзү түз экен, келинимдин боюнда калыптыр. Келиним уулум кайтыш болгондон туура 8 ай өткөндө кыз төрөдү. Кызымды боорума кысып, балам тирилип кеткендей төбөм көккө жете кубанаар күн да келди. Бирок кудаларым келиниңиз жаш, өз турмушун куруп бактылуу болсун, иштесин деп алып кетишти. Келиним менен кошо неберем да кетти. Алар кеткен күнү жүрөгүм алар менен кошо кетти.

“Кызымды келиним бергиси жок…”

Кызыма ай сайын барып жолугуп турам. Уулума куюп койгондой окшош. Кызыма жолукчу күн мага майрамдай. Азыр неберем 2 жашка чыкты. Келиним эртедир-кечтир турмушка чыгат. Кызымды бөлөк-бөтөн адамдардын колун каратпай өзүм эле багып алат элем. Канчалык сыздасам да келиним мага кызды бергиси келбей жатат. Мен келинимди түшүнүп жатам, ал да баласын бергиси келбейт. Мага караганда өз апасына көбүрөөк ишенет, ошол себептен неберемди таенеси багып жатат. Бирок таенесине караганда ал кыз мага көбүрөөк керек эле. Асырап өстүрөт элем, келиним келип жолугуп турмак. Мени минтип карыганда жалгыз калтырбай кызымды берип койсо үй-жайдын баарын өткөрүп берет элем го? Өлсөм энекелеп башымда отурат эле го? Келиним башка турмуш курса кызым кантээр экен?..

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: