Коронавирус инфекциясын жуктурууну жана таралышын алдын алуу максатында кырдаал туруктуу болгонго чейин жаштар тармагындагы жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Тийиштүү тапшырма Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин карамагындагы мекемелердин жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча облустук башкармалыктардын жетекчилерине берилди” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, башкы иш-чаралардын өткөрүү мөөнөтү өзгөртүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ