Menu

Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев СИЗОдон № 27 түрмөгө которулду

Бөлүшүү:

Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев абактагы жазасын өтөө үчүн СИЗО-1ден Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесине  которулду. Бул тууралуу ЖАМК билдирди. Алардын айтымында, Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтыргандыгы үчүн № 27 түрмөгө которулган.

Эскерте кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, сот батирлерди туура эмес бөлүштүрүү боюнча козголгон кылмыш ишинде күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Соттолгонго чейин Атамбаевди кайтарып келген Мусакеев Атамбаевдин бийлигинде 2016-жылдын жай айларында УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. 2017-жылдын апрель айында ал кызматынан бошотулган. 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып,  9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди бөлүштүрүп, турак жай кодексин одоно бузганын Башкы прокуратура билдирген. 2018-жылдын 27-ноябрында Аскер прокуратурасы тарабынан ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде ага кылмыш иши козголгон.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: