Menu

Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Өмүрбек Токтогулович тойго сөзсүз келет, уулума өкүл ата болуп берет деп ойлойм”

Бөлүшүү:

– Руслан Айтбаевич, 6-октябрь күнү уулуңузду үйлөп, той өткөрүп жаткандыгыңыз чынбы?

– Ооба, уулумду үйлөп, элден бата алып берейин деп атам.

– Өмүрбек Бабановду уулуңузга өкүл ата коюп жатасызбы?

– Ал сунушту Өмүрбек Токтогуловичке айттым. Бирок, ал кишиден жооп ала элекмин.

– Сиздин “Өмүрбек Токтогулович жакында кайра келет” деп маек бергениңиз гезиттен чыкпадыбы… Өмүрбек Бабанов уулуңузга өкүл ата болуу үчүн тойго келеби?

– Өмүрбек Токтогуловичтин кеткенин, келгенин тойго байланыштыра албайм. Өзүңүз билесиз, ал киши белгилүү саясатчы, ишкер адам. Ал өзүнүн иштери менен кеткен болуш керек, бизнес долбоорлору көп. Анын баарын айта албайм.

– Тойго чакырдыңыз да…

– Ооба, баардык досторумду, туугандарымды, кесиптештеримди чакырдым. Анын ичинде Өмүрбек Токтогулович дагы чакырылды.

– Тойго сөзсүз келет, уулума өкүл ата болот деген ой барбы?

– Тойго келет деген үмүт бар. Үмүтсүз адам болбойт эмеспи. Өмүрбек Токтогулович тойго сөзсүз келет, уулума өкүл ата болуп берет деп ойлойм. Иним сени дагы тойго расмий чакырам. Тойго келип, жаштарга ак бата берип, даам сызып кет.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: