Кээде «булт» этип чыга калып, бүгүнкү бийликти сындап калмай адаты бар Кубатбек Байболовду коомчулук жакшы билет. Оппозициянын каршылык көрсөткөн тегерек столдорунда Кубат мырза катышып, өз ой-пикирлерин бөлүшүп, бүгүнкү бийликти кетирүү идеясын колдогондой жүргөнү байкалат. Баса, 2010-жылдан кийин революциянын шарданы менен Байболов башкы прокурор болуп калганы, ошондо «Мегакомго» байланыштуу чатактарга аралашканы, анан көп узабай ошонун кесепетинен кызматынан кол жууганы эсибизде. Таңгалычтуусу, «Мегакомдун» чуусу ушул күнгө чейин бүтпөй, ортодон былыктар чыгууда. Тымызын тергөөнүн натыйжасында, Байболовго карата да материалдар иликтенип атканы, жакында чет-бучкагы чыгаары боюнча каңшаар тарады.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ