Бишкектен 35 км алыс жайгашкан тоодогу “ЗИЛ” лыжа базасына Орусиянын президенти Владимир Путиндин колодон жасалган эстелиги коюлду. Айкел ажатканадан алыс эмес жерге тургузулганын сүрөттөн көрүүгө болот.
Буга чейин Владимир Путиндин тоо кыркаларындагы бир чокуга ысымы берилген. Тагырагы, Чүйдөгү чокунун бирине анын ысымын берүүнү парламентке (2011-жылдын 17-февралында) Атамбаев сунуштаса, депутаттардын көпчүлүгү колдоп берген. Ошентип, Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы бир чоку “Владимир Путин чокусу” деп аталган. Ал учурда В. Путин Орусиянын премьер-министри болчу. Алмазбек Атамбаев да премьер-министр эле. Путин азыр президент, а Атамбаев абакта.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ