Menu

Салык кызматы ишканаларды салыкты эрте төлө деп мажбурлабайт

Бөлүшүү:

“Фабула” гезитиндеги 2019-жылдын 27-сентябрында жарыяланган “Абдалиевди бекеринен «комбайн» дешпейт тура” аттуу чакан макалада “Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев ири ишканалардын салыгын алдын-ала жыйнатып алды” деген маалымат чындыкка дал келбестигин Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматка дайындалган (22-июль) күндөн тартып жумушчу жолугушууларда аймактык салык органдарынын башчыларынан салыктарды алдын-ала албоону, ар бир салык төлөөчү боюнча талдоо иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде төлөй турган сумманы чогултууну жана салык мыйзамдарынын чегинде иш алып барууну талап кылып келүүдө. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр, бизнес коомчулук менен жолугушууда салыкчылар тарабынан жер-жерлерде салыктарды аванс менен төлөөнү талап кылган көрүнүштөр орун алган учурда, Салык кызматынын борбордук аппаратына түздөн-түз кайрылууну жана мындай фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөөрүн айтып келет.

Маалымат катары айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан тартып 1-октябрына чейин салык кызматкерлеринин салыктарды аванс менен төлөөгө мажбурлагандыгы боюнча даттануу менен Салык кызматына ишкерлердин бир дагы кайрылуусу катталган жок.

Ошол эле учурда салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчү салыктык милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткарууга, башкача айтканда, белгиленген мөөнөттөн мурда тиешелүү салыктарын төлөөгө укуктуу жана салыкчылар аларга тыюу сала алышпаарын кошумча белгилеп кетүү зарыл.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: