Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарына, таажывируска шектүүлөрдүн жана байланышта болгон жарандардын анализин жеринде текшерүү үчүн Ош шаарынан мобилдүү лаборатория келди. Ал Жалал-Абад областтык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылды. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү билдирет.
Аталган кызматтын башчысы Дүйшөн Курманалиевдин берген маалыматына ылайык, лаборатория менен кошо атайын даярдыктан өткөн адистер да келди. Дагы Бишкек шаарынан карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулары кызматынан кошумча адистер тартылууда. Муну менен тиешелүү дарыгерлердин жумушу бир кыйла жеңилдейт. Учурда бардыгы даяр, анализдер келип түшкөндөн баштап, текшериле баштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ