Бул тууралуу билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Паиз Нышанов атындагы № 50 орто мектептин география мугалими, 23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызы “2019-жылдын мыкты мугалими” деген сынактын жеңүүчүсү аталган. Бул жигердүү жаш мугалим сыйлыктар жөнүндөгү тартиптин негизинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушу менен “Билим берүү отличниги” наамын алып олтурат.
Министр Каныбек Исаковго анын эч кандай туугандык байланыштыгы жок экен.
Эскерте кетсек, 4-октябрда, мугалимдердин майрамына карата иш-чара өтүп, мыкты мугалимдерге сыйлыктар тапшырылган. Сыйлык ээлеринин арасында Бактыгүл Жапар кызы да бар. Аны “министр Каныбек Исаковдун тууганы” деп жазып чыгышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ