Бүгүн, 17-июнга карата Кыргызстанда дагы 90 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 36, Чүй облусунан – 29, Ош шаарынан – 7, Ош облусунан – 6, Баткен облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 3, Талас облусунан – 6 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2562 жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 189 адам;
– Ош облусунда — 267 адам;
– Ош шаарында — 287 адам;
– Бишкек шаарында— 819 адам;
– Нарын облусунда — 416 адам;
– Чүй облусунда — 255 адам,
– Баткен облусунда — 39 адам;
– Талас облусунда – 17 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 33 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 54 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 1901ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 9 адам; Чүй облусунан – 4 адам, Ош шаарынан – 15 адам; Ош облусунан – 16, Нарын облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 4 адам.
“Жалал-Абад облусунда 1984-жылы төрөлгөн жигит илдеттен улам каза болуп калды. Ал Бишкек шаарынан Жалал-Абадга 11-июнда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган. 12-июнда оорунун белгилери күчөп, облустук ооруканага кайрылган. Абалы оорлоп жандандыруу бөлүмүн жаткырылып, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Көрүлгөн аракеттерге карабастан бейтап каза болуп калды – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Кечээ, 16-июнда Ош облустук бириктирилген ооруканасында 53 жаштагы эркек кишиде коронавирус тастыкталганы менен рак оорусунан каза болгон.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 30га жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ