Menu

Айбек Бузурманкулов: “Талас губернатору менен “Алтын Альянс” ЖЧКсы Жерүй Элдик комиссиясын бөлүп-жаруу саясатын башташты”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Таласта түзүлүп жаткан кырдаал боюнча алдында иштеген кызматкерлери бир жактуу эмес, калыс маалымат жеткизишсе туура болот эле.

2020-жылдын 5-февралында Таласта өткөн Жерүй боюнча элдик жыйында Элдик комиссияны уюштуруу жоопкерчилиги мага Айбек Бузурманкулов жана Бакыт Сейталиев мырзага жүктөлгөн. Аны Таластын губернатору М. Мураталиев өзү бир нече жолу тастыктаган. Иш жүзүнө келгенде элдик комиссияны түзүлүшүнө тоскоолдуктар болуп, экиге бөлүү аракети жүрдү. Ал аркетин ишке ашырышты. Губернатор М. Мураталиевдин сөзү башка, иши теңирден тескери болду. Элдик комиссия 20-февралда биринчи отурумун тоскоолдуктарга карабай ийгиликтүү өткөргөн. 20-майда Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы Э.К. Осмонбетовго кат жолдогонбуз. Катта 9-июнда Элдик комиссияны Жерүй алтын кенине кирип, керектүү маалыматтарды алууга шарт түзүп берүү айтылган.

Комитет өз кезегинде 2-июнда “Альянс Алтын” ЖЧКга бизге шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. “Альянс Алтын” ЖЧК 8-июнда (Таласта коронавирус чыга элек болчу) комитетти тоотпой, өзгөчө кырдаалга, коронавируска(COVID-19) шылтап, бизге макулдук бербей койгон. Ал эми иш жүзүндө эки жүздөнүп, кош стандарттуу саясатын жүргүзүп, губернатор шыкактаган, Серик Жолдасов жетектеген комиссияны 12-июнда (Таласта коронавирус чыгып калган) Жерүй алтын кенине киргизишкен. Мындай бузукулук иштеринен кийин, бизди Жерүй алтын кенине киргизбөө максатын “Альянс Алтын” ЖЧКнын мыйзамсыз иштерин жашыруу аракети деп баалайбыз. Эгерде келечекте Жерүйдө экологиялык катастрофа болсо жоопкерчилик Кыргыз өкмөтүнүн, жергиликтүү бийликтин жана “Альянс Алтын” ЖЧКнын мойнунда деп эсептейбиз.

Өкмөттүн өкүлү(губернотор) ыйгарым укуктарынан аша чаппаш керек. Аша чапса мыйзам алдында жооп берчү күн да келет. Ал эми инвестор (Альянс Алтын) адилетсиз саясат, интригалар менен ишин көпкө уланта албайт! Бөлүп-жаруу, бузукулук саясаты, интригалардын аягы жакшылыкка алып барбайт! Элди алдайм деп эл менен ойнобош керек! Мурунку бийликтердин кылмыштарынан, каталарынан качан сабак алабыз?

Элдик комиссия өзүнүн ишин мыйзам чегинде уланта беребиз жана түзүлгөн кырдаал боюнча жакында элге кененирээк маалымат беребиз.

Айбек Бузурманкулов, Жер үй Элдик комиссиясынын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: