Menu

Сооронбай Жээнбеков “Ай-Данек” гезитин 20 жылдык майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Мамлекет башчынын куттуктоо текстин президенттин расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Ай-Данек” гезитинин окурмандарына жана чыгармачыл жамаатына
Кымбаттуу балдар!
Баарыңарды сүйүктүү гезитиңер “Ай-Данектин” 20 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
“Ай-Данек” бөбөктөрүбүзгө таалим-тарбия берген жана чыгармачылыгын өстүргөн басылма катары өз милдетин татыктуу өтөп, мектеп окуучуларынын жүрөгүнөн жылуу түнөк тапты. «Ай-Данектин» ар бир жаңы саны – балдар үчүн майрам.
Бөбөктөрүм, силер биздин сүймөнчүгүбүз, илгери үмүтүбүз, Кыргызстандын жаркын келечегисиңер. Мен Кыргызстандагы бардык балдар бактылуу доор сүрүп, көңүлү куунак, ден-соолугу чың, билимдүү, адептүү, мекенчил жаран болуп жетилишин каалайм.
Гезитти кызыктуу кылып чыгарууга эмгегин, чыгармачылык жигерин арнап келаткан редакция жамаатына ыраазычылык билдирем! Мындан аркы сапарыңар байсалдуу болуп, узак жылдар бою балдарыбызга кубаныч тартуулай беришиңерге тилектешмин!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: