Тажикстан бийлиги домендик аталыштарды каттоонун үстүнөн көзөмөлдү күчөттү. Жаңы эрежелерге ылайык, эми өлкөдө sex.tj өңдүү адепсиз домендерди каттоого тыюу салынат.
tj зонасында домендерди каттоонун жаңы эрежелери президенттик аппараттын алдындагы Маалыматтык-техникалык борбор тарабынан жарыяланды. Ага ылайык, эгер суралган домендин аталышы коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук принциптерине жана этикалык нормаларга каршы келген сөздөрдөн турса, аны каттоого уруксат берилбейт.
Ошондой эле жаңы эрежелерде домендик аталышка аны каттоого биринчи арыз берген адам ээлик кыла тургандыгы белгиленген. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик органдары үчүн сакталып тургандыктан аsht.tj, isfara.tj, mastchoh.tj, ishkashim.tj өңдүү географиялык домендерди каттоого да тыюу салынды.
Жогорку деңгээлдеги tj тажик домени эл аралык IANA уюму тарабынан 1997-жылы катталган. Бүгүнкү күндө өлкөдө tj домен аталыштарын каттоо боюнча тогуз ишкана иштейт. 2003-жылы tj зонасынын расмий администратордук укугу Тажикстан президентинин алдындагы Маалыматтык-техникалык борборго өткөрүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ