Menu

4-сентябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылышы 2018-жылдын 4-сентябрында өтөт. Бул туралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КР мыйзамынын 34-беренесине ылайык парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы №117 Токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципиалдык уюмдарда, мекемелер менен ишканаларда 5 күндүк иш тартибинде иштегендер үчүн 2018-жылдын 7-майындагы  эс алуу күнү 2018-жылдын 3-сентябрына которулган.

Буга ылайык 3-сентябрь эс алуу күнүнө туура келгендиктен, 4-сентябрда VI чакырылыштын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: