Menu

Саясаттан бизнес жасоонун устаты Болот Шер бозгундагы Бабановду жазга чакырып жатыптыр

Бөлүшүү:

Кыргызстанда саясаттан бизнес жасоонун устаты Болот Шер бозгунда жүргөн Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга кайтып келүүгө үндөп жатыптыр. “Эч коркпой эле кайтып келгин, каржы ресурстарың менен адам ресурстарын бириктирип мобилизация кылсак, жазында тигини кетирип, ордуна сени олтургузабыз. Ошондой ситуация түзүлүп келатат” деп ишендирип жатканын кабарлашты. Ушундан улам Болот Шердин бул багыттагы мыктылыгын даңазалаган бир нече окуя дароо эске түшөт.

2005-жылы февралдагы парламенттик шайлоодо Болот Шер байкоо салып туруп, Шарипа Садыбакасова талапкердигин койгон Бишкектин Асанбай шайлоо округуна өзүнүн талапкердигин коёт. Атаандаштыктан чочулаган Шарипа Садыбакасова Болот Шерден талапкердигин алып салуу боюнча шарттарын айтууну суранат. Натыйжада $200 миңге токтолушат.  Ошондон кийин гана Болот Шер Асанбай округунан талапкердигин алып салып, Таластын Манас районун көздөй чабат. Ал жерде депутаттыкка талапкердикке айтылуу Өмүрбек Бабанов өзүн коюп жаткан. Болот Шер ал жерге да талапкердигин коёт. Чочуп кеткен Бабанов сүйлөшүүгө чыгат. Натыйжада $200 миңге токтолушат. Ошондон кийин гана Болот Шер өзүнүн талапкердигин Манас районунан алып салып, Талас районунан коёт да депутат болуп шайланып келет.

2007-жылдын апрелинде Феликс Кулов президент Курманбек Бакиевди бийликтен кулатам деп “Элдик фронт” деген кыймыл түзүп, 10 миңдей киши жыйнап, митингдерди өткөрүп, Ак үйдү курчоого алат. Кайдан-жайдан пайда боло калган Болот Шер “Азыр атчандар жетишпей жатат, 50 миң доллар берсеңер Чүйдөн эле 600 атчан жыйнап келем” деп  “Элдик фронттун” штабынан 50 миң доллар акча алып кетип, болгону 20 атчан жөнөтүп коюп, өзү жоголуп кетет. Митингичилерди КР Ички иштер министри Ногойбаев өзү баш болуп сабап таркатышат. Ал кезде Бакиевдин премьери болуп олтурган Атамбаев Ала-Тоо аянтына келип Бакиевге каршы чыккан митингичи кыргыздарды “Койлор!” деп атайт.

2010-жылы апрелде өзү Ички иштер министри болуп калган Болот Шер Таластагы митингичилердин колуна түшүп калган экс-министрлер Акылбек Жапаровдон $200 миң алып, Молдомуса Коңгайтиевден $250 миң акча алып бошоткону көп жазылды. Калгандарын кийин баяндайлы.

Ошондуктан бул тармакты жакшы билген Болот Шер “мурду бир жытты билбесе” бозгундагы Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга чакырбас эле. Азыркы ситуацияда ал кайсы тарапты мелжеп жатканын боолголоп билүүгө болот.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: