Menu

4 жыл бою үзгүлтүксүз мени басмырлап, басынтып, каралап, куугунтуктап, уруп-сабап келатат. Чындык барбы?  

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору  И.Ы. Жолдубаевага

Көчүрмөсү: Бишкек шаарынын прокурору А.А. Халмурзаевге

Бишкек шаарынын “Алтын-Ордо” жаңы конушунун №6 көчөсүнүн

№113-үйүнүн тургуну Джумаканова Айгуль Бейшебаевнадан                                                                                

Кайрылуу                                    

Урматтуу Индира Ырысбаевна!

Урматтуу Абдыбакыт Алыбаевич!

Мен Сиздерге официалдуу турдо кайрылуумдун себеби төмөнкүдөй:

“Майдан” саясый-коомдук газетасынын 20.12.2017-жылындагы №58 (336) номеринин 11 бетинде “Кыныр иши кырк кунго жетпей билинген Айгулду ким тыят?”- аттуу макала жарыяланган. Бул макаланы мага тааныш эмес К.Жедигеров деген “белгисиз” адам өз колун коюп, редакцияга тапшырган. Бирок, бардык далилсиз жана негизсиз жазылган макаланын мазмуну Бишкек шаарынын М.Ганди көчөсүндөгү №241-үйдүн тургуну, 1954-жылы туулган Тургуналиев Жыпаркул Тургуналиевичке түздөн-түз байланыштуу экенине күмөн жок.

“Майдан” коомдук-саясый газетасына жарыяланган макала чындыкка дал келбеген, жалган жана менин аброюма шек келтирүү, басмырлоо, менин балдарымдын, бир туугандарымдын, чогуу иштеген жамаатымдын алдында мен жөнүндө (негативдүү) жагымсыз жагдайды жаратуу үчүн атайын Тургуналиевдин Ж.Т. “адаттагы” жасап келген “ыплас” иш-аракеттери жана 2014-2015 жылдарындагы “Алиби”, “Фабула”, “Майдан”, “Ачык саясат” газеталарына жарыялаган “негизсиз” макалалардын уландысы экени ачык эле көрүнүп турат. Ошол эле газеталарга жазган макаларында Тургуналиев Жыпаркул өзү жөнүндө ардактуу пенсионер, жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштегени жана мамлекетке салым кошкон адам катары такай унутпай жазып баштайт. Бирок суроо? Тургуналиев Жыпаркул мамлекетке кандай салым кошкон?  02.03.1998-жылы ал кездеги фамилиясы Султаналиев Жыпаркул, Бишкек шаардык сотунун чечими менен КР КК (эски редакциясы) 88-1 ст. мамлекетке ири суммада экономикалык зыян келтиргени үчүн 8 жылга эркинен ажыратылган, 2003-жылы түрмөдөн чыккандан кийин өзүнүн изин жашыруу максатында фамилиясын Тургуналиев кылып өзгөртүп алган. Ал эми Тургуналиев Жыпаркул резюмесин фальсификациялоо алдамчылык жол менен 2002-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кенешчисинин жардамчысы болуп иштегени жөнүндө жаздырып алган.  Тургуналиев Жыпаркул бул жазгандары менен эле өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө алды, уялбай мамлекеттке салым кошкону жөнүндө жазбай койсо деле болмок… (Баардык далил документтер Жарандык жана кылмыш иштер боюнча сот процессинде тиркелген).

2015-жылдын 15-мартында жогорудагы көрсөтүлгөн газеталарындагы жарыяланган макалалар аркылуу менин аброюма, кызматтык ишмердүүлүгүмө шек келтирилгендиги үчүн, моралдык жана материалдык чыгымдарды өндүрүү максатында, ошондой эле Тургуналиев Жыпаркулдун мага карата “негизсиз” караөзгөйлүк, ыплас иш-аракеттерине мындан ары чек коюу максатында Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылганмын. Сот процесси Тургуналиев Жыпаркулдун “көнүмүш адат”, ар кайсы шылтоолоруна байланышту созуктурулуп, 2017-жылыдын 23-июнунда (№ЖИ-773/17.Б3) менин пайдама тиешелүү чечим кабыл алынды.

Ушул эле Тургуналиев Жыпаркулдун аппеляциалык арызы Бишкек шаардык сотунун жарандык иштери боюнча колегиясында каралып 25.12.2017-жылы биринчи инстанциясындагы соттун чечими күчүндө калтырылып, менин пайдама тиешелуу чечим кабыл алынды, “негизсиз” жарыяланган макалалардын жалгандыгы ошол эле газеталар аркылуу кайрадан атайын билдирүү жасоо жана ошондой эле Джумаканова Айгуль Бейшебаевнага келтирилген материлдык чыгымдарын төлөп берүү жагы Тургуналиев Жыпаркулга милдеттендирилген.

Урматтуу Индира Ырысбаевна!

Урматтуу Абдыбакыт Алыбаевич!

Сиздерге кайрылуумдун негизги себептери төмөндөгүдөй:

Бүгүнкү күндө мен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө Департаментинин лабораториялык сыноо борборунун начальниги болуп иштеймин, ЕАЭБдин бир топ жумушчу топторунун мүчөсүмүн, мамлекеттер аралык пикир алмашууларга катышып турам, ээлеген кызматым жооптуу. “Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери”, “Нарын шаарынын ардактуу атуулу”, 2014-жылдын жыйынтыгы менен КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Туу” газетасынын “Мыкты жетекчиси” жана башка көп сыйлыктарга жетишкенмин. Сыймыктанган бойго жеткен үч балам бар, жолдошум менен ажырашканмын.

2012-жылы мен аккредитация борборунда иштеп жаткан мезгилде Тургуналиев Жыпаркул менен жумуш аркылуу таанышканмын. Кийинчереек Тургуналиев Ж. “аялым менен ажырашканмын, бойдокмун” деп мага официалдуу соттон ажырашкан токтомун көрсөткон. 2012-жылдын октябрь айында Тургуналиев Жыпаркул мусулмандык каада-салтка ылайык нике кыйдырып, өзүнүн апасы, бир туугандары менен Нарынга менин колумду жана апамдын макулдугун сурап барган. Ошол күндөрдөн тартып мен Ж.Тургуналиевдин үйүнө келип жашай баштадым. Арадан 20 күн өтпөй Ж.Тургуналиевдин “нагыз” даана жүзү көрүндү. Жердигинен мыкаачы, сараң, сары эсеп, өзүмчүл, “тажаал” (өтө чыр), “кызыл камчы” адам экени билинди. Мындан сырткары бир тууган иниси Нуркул Жыпаркул Тургуналиевди 2 жолу соттолгону жөнүндө мага айтып алды. Менде коркунуч пайда болуп, эмне кыларымды билбей калдым. Эртеси соттун чечими менен ажырашканмын деп айткан Тургуналиевдин аялы, бир-туугандары жана оорукчан баласы менен кирип келишип, Тургуналиев Жыпаркулдан “оорукчан баланды үйдөн чыгарып салдың”- деп уруша башташты. Менин көзүмчө келген 5-6 адамга ээ бербей Тургуналиевдин көздөрү канталап кызарып, айбанга айланды, киши укпаган сөздөр менен сөгүнүп, буту менен аялын тепкилеп, 5-6 кишини кууп чыкты. Тургуналиев Жыпаркулдун мыкаачылык иш-аракеттери, анын “нукура” ички жана сырткы “паскечтигин”, жырткыч канкордугун көрсөттү.

Ошол өтө жагымсыз көрүнүштөн кийин мен өз үйүмө кетүүгө мажбур болдум. Көп өтпөй эле Тургуналиев Жыпаркул менин үйүмө келип жүрдү, кайра чогуу жашоо боюнча өз ой-максатын мага таңылоого өттү. Бирок мен мындан ары аны менен чогуу жашоо таптакыр болбойт деп анын сунушунтарын четке кактым. Менин берген жообум Тургуналиев Жыпаркулду абдан жиндедирди жана ал “ар кыл” ыкма менен кандай гана болбосун “өч алуу” максатын койду. Себеби: Тургуналиев Жыпаркул ошол күндөн баштап менин артыман түшүп, тынымсыз телефон чалып, ар түрдүү мазмундагы СМС жиберип, мени ар түрдүү коркутуу ыкмасына өттү.

2014-жылы жай мезгилинде мен чет өлкөдө командировкада кезимде менин үйүмө келип, чоңоюп калган уулумду опузалап, коркутуп, мойнуна бычак-канжар такап “мууздап салам, апаңар силер үчүн мени менен жашагысы келбей жатат”,- деген “жагымсыз”, ыплас иш-аракеттерди жасаган. Менин уулум Тургуналиевдин жагымсыз сабатсыз иштери боюнча арыз менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИ бөлүмүнө кайрылган (05.08.2014-ж. №4783-КУП тергөөчү Токоева А.Э.).

Тургуналиев Жыпаркулдун кийинки ыплас кадамы – менин азыркы учурда иштеп жаткан мекеменин директору Т.Б.Исаковго мени кызматтан бошотуу боюнча арыз менен кайрылып, “кызматта иштөөгө моралдык укугу жок” деп негизсиз талаптарды койгон. Андан сырткары, Т.Б.Исаковго 2000 америкалык доллар сунуштап, мени жумуштан бошотуп берүүсүн суранган. Бирок Ж.Тугуналиевдин бул тилеги дагы аткарылган жок. Мен кезектеги Япониядаганы командировкадан келгенден кийин Тургуналиев Жыпаркул башка тактикага өттү: ал мени алдап кайра чогуу жашайлы, “..300 долларга Кореядан костюм алдырып келдим, сага машина, салон красоты сатып берем, мага жолугуп койчу..” деп сурана баштады (смс көчүрмөлөрү). Мен бул смс каттарына жооп берген жокмун. Менден жооп болбостугуна көзү жетип, 2014-жылдын 11-ноябрь күнү кечке мал менин иш кабинетиме кирип келип, “кой сойдуруп, дасторкон жайып койдум үйгө жүрү” деди. Мен так жооп бердим, “эч кандай чогуу жашоо болбойт” деп. Мындай жоопту уккан Тургуналиев Жыпаркулдун көзү канталап, кызарып, ызырынып жулунуп келип менин муунтуп башка муштады, мен эсимди жоготуп кулап калдым. Кыйкырганга үлгүрүп калдым, мени чогуу иштегендер сактап калды. Мен Улуттук госпиталдын стационарына жатып калдым. Бишкек шаарынын Биринчи май  райондук ИИ бөлүмүнө арыз менен кайрылганга мажбур болдум. Бул боюнча кылмыш иши козголгон (№6941 12.11.14-ж. КУЗС и П №2-14-1767). Тургуналиев Жыпаркул кабинетте сабаганына ыраазы болбой, больницада жаткан жериме келип эч кимди көзгө илбей, кыйкырып сөгүнүп, “..арызыңды ал милициядан, же болбосо “черныйларга” заказ берип подвалга ыргыттырам, жер менен жер кылам, тебелетип салам”- деп, муунтуп баштады. Мени больницанын кызматкерлери  сактап калышты. Бул боюнча участковый милиция келип күбөлөрдү суракка алды. Менин жана менин балдарыма Тургуналиев Жыпаркул коркунуч алып келди, менин ден-соолугум начарлай баштады. Тургуналиев Жыпаркулдун мага жасап жаткан иш-аракеттеринен кооптонуп, мага, менин балдарымдын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч алып келгени үчүн Биринчи май райондук ИИ бөлүму атайын коргоо чараларына өттү (убактылуу сакчылык ордерлери бир нече жолу берилди). Мен милициядан арызымды албай турганымды көрүп, мага жасаган “ыплас”, “чоң муштумдук”, “хулигандык” иш аракеттеринен майнап чыкпагандыгына толук көзү жеткен соң, менден өч алуу, мени маскаралоо, чүнчүтүү максатында Тургуналиев Жыпаркул массалык-маалымат булактарын пайдаланып, “Алиби”, “Фабула”, “Майдан”, “Ачык саясат” газеталарына чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыя кылды: тактап айтканда мен Ж.Тургуналиевден алдоо жолу менен акча алып, кийин андан жашырынып, дайынсыз тарапка качып кетиптирмин. Мындан сырткары Тургуналиев Жыпаркул атайын баракчаларга менин сүрөтүмдү монтаждап жайгаштырып: “Бул алдамчы аял, акча уурдап качып жүрөт, көрсөңөр кабарлап койгула”- деп, издоо баракчаларын ар тарапка өзү жайылтып, чаптап жүрдү. Мен иштеген жердин жанындагы дубалдарга, аялдамаларга, рекламный щиттерге эч уялбастан улам жаңыртып чаптап турду. Газетага чыккан макалалар, баракчалар боюнча мен жарандык иретинде Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылгандан кийин Тургуналиев Жыпаркул менден өч алуу боюнча өзүнүн ыплас ыкмаларын башка адамдар аркылуу газеттерге жарыялатууга өттү. Тактап айтканда, 2015-жылдын март айында адаттагыдай эле “Алиби”, “Фабула” газетасы аркылуу чындыкка дал келбеген, адамдын үрөйүн учурган, он уктаса да түшкө кирбеген, өтө ыплас маалыматтарды тараткан, тактап айтканда, 2002-жылы маркум Букаров Батырбек аттуу адамдан мен 100 000 (жүз миң) америка долларын алдап алып, андан кийин маркум Букаров Батырбекти атайын өлтүрүп, белгисиз жакка качып кетиптирмин. Ушул жарыяланган макаланын айланасында Тургуналиев Жыпаркулдун мага жасап жаткан “ыплас”, арам иштери ачыкка чыгып, мыйзам алдында “жоопко” тартыларын сезбейт көрүнөт. Бир суроо: Кандайча? Же кандай жол менен, же кандай арам ой, максат менен менин 2012-жылы Тургуналиев Жыпаркул менен чогуу жашап турган кезде мен ага белекке берген 2012-жылкы сүрөтүм он жыл мурда, 2002-жылы каза болгон маркум Букаров Батырбектин папкасында табылып газетага Букаров Батырбектин сүрөтүнүн жанында менин сүрөтүм бирге, чогуу жайгаштырылып, жогорудагы аталган “Алиби”, “Фабула” газеталарына жарыяланган? Жогорудагы газетага жарыяланган маалыматтар боюнча Нарын шаардык прокуратурасына, Бишкек шаарына караштуу Октябрь райондук ИИ бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө тийешелуу түшүнүктөрдү жазып бердим. Тургуналиев Жыпаркул баардык барган жактарга, прокуратура, милиция органдарына, больницага, газеталардын редакцияларына менин сүрөтүмдү фотошоп аркылуу атайын ыплас көрүнүштөрдү чагылдырып көрсөтүп, мен жөнүндө негативдүү, аягы суюк, женил ой, көчөдө калган, алдамчы “аял” катары маалыматтарды өзүнүн арыздары менен коштоп жүрөт. Тургуналиевдин мындай “айбандык”, эч бир адамдык этикага дал келбеген, өтө төмөндүгү, менден өч алуу үчүн 4 жыл бою арам, калп, “зомбулук”, “зөөкүрдүк” жолдор менен күрөшүп келе жатат. Мындай паскечтик “ыпылас” көрүнүшкө бир дагы эркек аттуу адамзаты барбайт. Бул эркектин, Эр азаматтын жасай турган иши эмес – деп белгилеп кетет элем.

Ушул жагдайлар менен тынчып калбай Тургуналиев Жыпаркул “ыплас” жоруктарын 2015-2017-жылдары мага эрегишип, укук коргоо органдарына тынбай арыздарды жазуу менен улады. Тактап айтканда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук ИИ бөлүмүнө, КР ИИМ министирлигине “негизсиз” чындыкка дал келбеген мазмундагы арыз менен кайрылган: Мен Тургуналиев Жыпаркулдун үйүндөгү бастырмасына өрт коюп жибериптирмин, жана ошондой эле мен Тургуналиев Жыпаркулду алдап, аны адаштыруу ыкмасы менен 2000 америка долларын, 44 миң сомун алып, белгисиз жакка качып кетиптирмин. Жогорудагы “жалган” маалыматтар боюнча тиешелүү иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, иш курамында кылмыштуулук аныкталбагандыктан бул иштер токтотулган. Ички иштер министирлигинин изилдөө кызматтарынын жыйынтыгына ыраазы болбой, Тургуналиев Жыпаркул Бишкек шаардык финансы полициясына ушундай эле мазмундагы арыздарды жолдогон. Бирок бул даттануу арыздарында мен Тургуналиев Жыпаркулдан алдоо жолу менен 5800 америка долларын алып, качып кетиптирмин. Тургуналиев Жыпаркул ар бир жазган даттануу арыздарында ар кандай суммаларды жазып, өзү дагы “адашып” калды көрүнөт. Ж.Тургуналиевдин бул даттануу арыздарына каршы мен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылганмын (СУ-1188/15 Октябрь райондук сотунун токтомунун көчүрмөсү боюнча мага карата эч кандай кылмыш иши козголгон эместиги далил). Мындан сырткары 2014-жылдан бери менин ишенимдүү адамым, адвокат Давлетбаева Наталья Алексеевнага мени менен иштешүүдөн баш тартуусу үчүн 2000 доллар берем деп Тургуналиев Жыпаркул акча сунуштаган. Учурда Тургуналиев Жыпаркул уялбастан, менин адвокатымдын үстүнөн ар тарапка арыз жазып Давлетбаеваны  каралоо менен иш-аракеттерин жүргүзүүдө. Н.Давлетбаеванын жашаган жерин изилдеп таап алып, Тургуналиев Жыпаркул адвокатымды дагы коркутууга өттү.

Тургуналиев Жыпаркулдун 2015-2017-жылдары жалган маалыматтарды камтыган  даттануу арыздары боюнча тиешелүү органдарга менин бир нече ирет түшүнүк берүүмө туура келди. Тургуналиев Жыпаркул ар кыл жасап келген “ыплас”, жалган иш аракеттери үчүн жеке жоопкерчилигинен качып, 2017-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын граждандык иштер боюнча коллегиялык сотунун заседаниесинин алдында сот чечимине таасирин тийгизүү максатында “Майдан” газетасынын 20-декабрыныдагы №58 (336) номеринин 11-бетиндеги “Кыңыр иши кырк күнгө жетпей билинген Айгулду ким тыят?” аттуу макаланы белгисиз К.Жедигеровдун атынан жарыялап, кечки саат 19 чамасында мен иштеген Департаментке алып келип, күзөт кызматкерине “..министирликтен берип жиберишти..” деп таштап кеткен. Бул макалада мени кызматыман “бошотпой”, “мени коргоп” жаткан – мен азыркы учурда иштеп жаткан Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменттинин директору Т.Б.Исаковдун дагы аброюна шек келтирип, ишмердүүлүгүнө туура эмес пикир жаратканга Тургуналиев Жыпаркул аракеттенген.

 Урматтуу Индира Ырысбаевна!

Урматтуу Абдыбакыт Алыбаевич!

Доктор Төлө Байдалиевич Исаков Саламаттыкты сактоо министирлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин башкы директору, тажрыйбалуу, өз ишин билген татыктуу жетекчи. Доктор Исаковдун жетекчилигинде Департамент көптөгөн ийгиликтерге жетише алды.

Баса белгилей кетүүчү жагдай: 2014 жана 2015-жж. “Сапат” конкурсунун жыйынтыгы боюнча 2 жолу “Эң мыкты мекеме” номинацияларына ээ болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “дипломдорун”, КР Премьер-министри тапшыруу менен белгиленди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун грипп жана кызамык боюнча Департаменттин вирусология лабораториясы эл аралык аккредитациядан өткөрүлдү. 2017-жылы эл аралык программалардын алкагында жана ички каржылоо менен Департамент заманбап лабораториялык жаңы жабдуулар менен камсыз болуп бүгүнкү күндөгү эң маанилүү Евразиялык экономикалык биримдигинин талаптарына жооп берүүдө жигердүү иш-аракеттер аткарылды. Кыргыз Республикасында (эң алгачкы) биринчи жолу тамак-аш коопсуздугу боюнча киргизилген жаңы лабораториялык ыкмаларды Россия Федерациясынын эксперттери текшерип жогорку баа берип, аккредитациядан өткөрүп кетишти. Айта берсе Исаковдун жетекчилигиндеги жетишкендиктерге сан жетпейт. Ж.Тургуналиевдин “Майдан” газетасындагы жарыяланган макаласынын эң негизги мотиви – мени каралоо жана жумуштан бошотуу гана максатын көздөгөн.

Азыркы күндө менин жеке өмүрүм, балдарымдын келечеги өтө коркунучта! Менин ден-соолугум бир топ жабыркоого дуушар болду, бат-бат дарыланып, жана ошондой эле системалуу түрдө дары ичип турам, 4 жылдан бери жеке өзүм жана үй-бүлөм кооптуу жана коркунучта жашайбыз. Тургуналиев Жыпаркул дагы эмнени ойлонуп чыгат, деп балдарым үчүн корком. Тургуналиев Жыпаркул эч нерседен уялбаган, намысты билбеген, “аялзаты” менен күрөштө ушунчалык зор тажрыйбалуу “эркек” экенин көрсөтө алды.

Мен, Джумаканова Айгуль Бейшебаевна чындыкты бетке айтып, ар убакта ачык-айкын жарыялаймын, “Майдан” газетасындагы жарыяланган маалыматтар “негизсиз”, чындыкка дал келбейт. Мага карата эч кандай кылмыш иштери козголгон эмес. Бул – “Кылмыш штери козголгон”- деп Ж.Тургуналиевдин жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн, өзүмдүн Конституциялык укуктарымды пайдаланып, мага карата 2014-жылдан башталган жана ушу тапка чейин 4 жыл бою үзгүлтүксүз мени басмырлоо, басынтуу, каралоо, куугунтуктоо, зомбулук корсотүү, уруп-сабап, менин ден-соолугума, аброюма, кызматтык репутацияма шек келтирилгендиги үчүн Сиздерге официалдуу түрдө кайрылам! Тургуналиев Жыпаркулдун үстүнөн КР Кылмыш Кодексинин бир нече статьяларына ылайык, тактап айтканда, “алдамчылык”, “документтерди фальсификациялоо” боюнча кылмыш ишин козготуп, мыйзам чегинде жоопко тартып берүүңүздөрдү көптөн-көп суранамын!!!  Менин үнүм Сиздерге жетет деп терең ишенем жана сиздерден мыйзам чегинде жооп күтөмүн!

Тез арада менин кайрылуум каралып, тыянак чыкпаса Конституциянын гаранты, жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго кайрылууга мажбур боломун.

Сиздерди терен урматоо менен, Джумаканова Айгуль Бейшебаевна

Моб. тел.:(0555) 515251     

12.01.2018 ж.

Редакциядан: Арыз-кайрылуу массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдардын негизинде, мурунку жарыяланган макаладагы каармандын жообу катары жарык көрдү. Экинчи тараптын дагы ушундай укугу бар экендигин эскертебиз!

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: