Menu

Путин расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы мартта өтө турган шайлоого расмий түрдө талапкер катары көрсөтүлдү. Демилгечи топтун Москвадагы жыйынына 600гө жакын киши катышты.

Алардын арасында аткаминерлерден тышкары балет артисти Николай Цискаридзе, режиссер Владимир Хотиненко, актерлор Михаил Боярский менен Владимир Машков, дизайнер Валентин Юдашкин, пианист Денис Мацуев, Comedy Clubдын резиденттери Гарик Харламов менен Михаил Галустян, советтик хоккейчи Владислав Третьяк жана аралаш мушташ түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону Федор Емельяненко болду. Жыйындын алдында катышуучуларга Оливер Стоундун «Путин» жана Алексей Пимановдун «Крым» тасмасы көрсөтүлдү.

Путиндин өзү жыйынга катышкан жок. Кремлден мамлекет башчынын демилгечи топтун жыйынына барбагандыгын иши көп экендиги менен түшүндүрүштү. Маалыматка караганда, бул маалда Путин өкмөт мүчөлөрү менен жыл жыйынтыгын чыгарып жаткан. Ага чейин Кремлдеги балаты майрамына келген балдар менен жолуккан.

Путин жана балдар. Москва, 26-декабрь 2017-жыл.

Путин жана балдар. Москва, 26-декабрь 2017-жыл.

65 жаштагы Путин Орусияны 1999-жылдын аягынан бери башкарып келет. Анын 13 жылында президент болсо, дагы төрт жыл өкмөт башчы кызматында иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: