Сөз эркиндигин коргоо комитети жылды жыйынтыктап, айрым адамдарга какшыктуу сыйлыктарды тапшырды. Комитеттин мүчөсү, активист Адил Турдукуловдун айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев «Чектен чыккан сөз эркиндиги үчүн», УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев «Эркин ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктаганы үчүн» жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева «Сотторду чөнтөккө салып бергени үчүн» деген такмаза наамдарга ээ болушту.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ