Menu

ИИМ: Бүгүн, 8-апрелге карата өлкө боюнча коменданттык саатты бузган 92 жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчун ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 92 жаран жеткирилген.
Алардын ичинен:
– Бишкек шаары боюнча – 58,
– Ош шаары боюнча – 5,
– Жалал-Абад шаары – 12,
– Сузак районунда – 15,
– Кара-Суу районунда- 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2101 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары! Өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошол себептүү ар бир Кыргызстандык, ар бирибиз ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек – бул ар бирибиздин – Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: