Бишкекте, Жаштар аллеясына жанаша салынган дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССР спортунун эмгек сиңирген устаты Орзубек Назаров атындагы бокс залынын ачылышы болуп өттү.
Залдын ачылышына чемпион Орзубек Назаров өзү, анын атактуу тренери Геннадий Аноприев, Назаровдун достору, дегеле бокс сүйүүчүлөрү жана расмий адамдар катышты.
Бишкек шаардык спорт комитетинин атынан Ырысбек Мааткабылов 50 миң сом көрүмдүк берди.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ