Дүйшөмбү күнү, 13-февралда системдүү жана көчө оппозициясы биригип, “Ак кеме” мейманканасынын жыйындар залында “Мураскерсиз жана таза шайлоо” аталыштагы форум өткөрөт.
Форум күзүндө өтчү президенттик шайлоодо кетип жаткан президент Атамбаевдин өзүнө мураскер калтырбай, баардык талапкерлерге бирдей мыйзамдуу шарт түзүп берүүнү жана шайлоону таза өткөрүүнү талап кылат. Бийликтин административдик жана каржылык ресурстары “мураскерге” иштебеши жана Сарпашевдин компьютердик “эсептөөлөрү” шайлоонун жыйынтыктарын будамайлабашы үчүн күрөш баардык кызыкдар тарабынан бирдикте жүргүзүлүп, терең көзөмөлгө алынышынын механизмдери талкууланат.
Форумдун демилгечилери болуп саясатчылар Равшан Жээнбеков, Адахан Мадумаров, Замира Сыдыкова, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана башкалар чыгышкан.
Алардан сырткары форумдун ишине жарандык коомдун өкүлдөрү кеңири форматта катышат.
Булак: Кyrgyztoday.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ