Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев, экс-прокурор: “7-апрель революция күнү эмес, кыргыз эли Убактылуу өкмөткө алданган күн”

Бөлүшүү:

“Кыргыз эли 2010-жылы 7-апрелде бийликти Убактылуу өкмөткө берип чоң алданган! Ошондуктан 7-апрель – бул революция күнү эмес, эл алданган күн! Мен 2010-жылы Генпрокуратурада коррупцияга каршы күрөш башкармалыгында прокурор болуп иштечүмүн. Революциядан кийин Россия Бакиевге берген 300 млн долларды текшергенбиз. Ал Кыргызстанда калган. Кыргызстанда эле болчу. Бакиевдер 300 млн долларды алып кетишкен эмес. Алар революция болорун билген эмес”,- деп билдирди бүгүн, 7-апрелде блогер Сыймык Жапыкеев.

Бакиевдер бүт акчаларды кыргыз экономикасына салып жатышкан. Кыргызстанда 2 млрд доллар пайда болуп, ГЭСтер курулуп, жолдор салына баштаган. Кыргызстандын акчасын Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү жеди. Бакиевдер революция болорун күткөн эмес. Ошондуктан Максим Бакиев Сапар Исаков менен Америка да жүргөн. Бакиев бийликте турганда Кыргызстан бутуна туруп калмак. Ал эми Убактылуу өкмөт Кыргызстанды талкалады. Азыркы президентти да ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн чөөлөрү талап, иштетпей саботаж кылып жатышат. Кыргызстанды Акаев менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү талкалашты”, – деди Сыймык Жапыкеев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: