Menu

Кайсы арына, кайсы кадырына бушайман болот?..

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арты менен баласы экөө камактан аман калып, ал аз келгенсип, КСДП фракциясынын лидери болгон Иса Өмүркулов учурда “Атамбаевдин байлыгын текшериш керек” дегенди айтып жер муштап жаткан учуру. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда эмнеге ушул оюн айткан жок. Эмнеге “Журт атасы” деп баскан изин өөп, жалбарып жүрдү? Ушунчалык да салаадан куюлган кумдай майда, куйту адам болот экен. Үч кишинин өлүмүнө себепкер болгон баласы менен коррупция боюнча кылмыш иши козголуп камалып кетпей калганы үчүн ыраазы болуш керек эле. Тилекке каршы, “ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт” дегендей, спикер же премьер болтурбай койду деп, Атамбаевди кектеп, аталган эки кызматты алыш үчүн Жээнбековдордун камчысы болуп шилтенип, абийири кетүүдө. Мындай “саясий сойкулугу” үчүн маалымат булактарында, социалдык тармакта катуу сынга алынып, анан ага чычалап, социалдык тармакты, интернетти кантип көзөмөлгө алабыз дегенди өкмөткө таңуулап, бушайман болууда. Такыр уят, ар жок экен…

Булак: Багыт.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: