Бүгүн, 22-ноябрда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымына караганда, Качкынбек Эмилбеков өз каалоосу менен берген арызынын негизинде Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Жаңы жетекчини дайындоо үчүн конкурс өткөрүлгөнгө чейин Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сабира Молдалиевага убактылуу милдетин аткаруу жүктөлдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ