Menu

Адамкул Жунусов кулкунунун айынан куурамай болдубу?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов алыскы Азербайжандан кылтакка илинди. Эсиңерде болсо, тээ ала жайда бул эргул өзүнө таандык катар-катар дүнүйө-мүлкүнүн баарысын арзанына карабай шашылыш сатып жатканын, андыктан күч органдарыбыз кылтакка илип калуусун жазганбыз. Жыйынтыгы биз айткандай төп келип, экс-бажычы бар дүйнөсүн сатып алып чет өлкөгө баса берген соң түштөн кийин биздикилер айкырып-кыйкырып, «жок издедик» болуп калышкан. Биздин күч органдарыбыздын кашаңдыгынын кесепетинен эл аралык Интерпол 5 ай убара тартып, акыры жемкорлукка шектүү жараныбызды кылтакка илип беришти. Эми бийлик Интерполдун мээнетин актап, тергөөнү адилеттүү жүргүзүү менен экс-бажычынын жеп-ичкенин тастыктап, казынага төктүрсө болду. Болбосо, мындайларың абийирсиз сотторубуздун «тамагын майлап», чыга бериши текейден арзан иш болуп калды го?

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: