Жогорку Кеңештин тармактык комитети Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан жактырды. Эми бул мыйзам ЖКнын жалпы жыйынынан колдоо таба турганы да күн мурунтан белгилүү болуп турат. Президент кол коюп, мыйзам күчүнө кирген соң “Энергохолдинг” жер салыгын төлөбөй калат. Ошондо бул мекеме салыкка карыз болуп калган 4,5 млрд сомдон оңой эле кутулуп, жыргашат. Ансыз деле өзүн-өзү актабаган бул “Энергеохолдингди” мынча эмне эркелетип жатышат. Кыязы, бийликке капчык болуп берип жатат өңдөнөт…
Булак: Багыт.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ